Өмүрбек Текебаев,ЖКнын депутаты:«БАКИЕВ КЫРГЫЗСТАН ЭКӨӨБҮЗГӨ КЕНЕН ЖЕТЕТ ДЕГЕН...»

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев редакциябызга келип, окурмандардын суроолоруна түз байланышта жооп берди.

Алмаз, Ала-Бука:
– 2010-жылы 7-апрелден кийин “биз дүйнөнү өзгөртөбүз, жаңыланабыз” дегенсиздер. “Өлкөнү ушулар өнүктүрөт” деп сиздин партияңызды колдоп чыккам. Бирок Равшан Сабировдун кармалышы, Туратбек Мадылбековдун уулунун иштеринен кийин өзүмдү ыңгайсыз
сезип жатам...

– Дүйнөлүк социалисттердин урааны “Биз дүйнөнү өзгөртөбүз!” деп аталат. Социалисттердин максаты – коомчулукта, дүйнөдө байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырымды азайтуу, кыскартуу. Дүйнө чын эле өзгөрүп жатканын, 20 жылдан бери уланып келген либерализация менен глобализация туура эмес жолдо баратканын билип, дүйнөнүн кожоюну болгон АКШнын президенти Барак Обама да тойбос, ач көз капиталга каршы сөздөрдү айта баштады. Ушунун өзү дүйнөнүн өзгөрүп жатканын билдирет.
“Ата Мекендин” мародёрлукка катышы бар” деген сөздөр – ушак. Айрым мүчөлөрүбүздүн үй-бүлөсүндөгү же бизнесиндеги чыр-чатагы партияга таасир этпейт. Министр Равшан Сабиров шектелип колго түшкөндө,“эгер күнөөң болсо, колуң менен кылганды мойнуң менен тартасың” деген позициябызды ачык айттык. Сиздин жердешиңиз, “республикачы” Исхак Пирматовго каршы иш козголгондо партиялаштары “бербейбиз” деп чыкканын көрбөдүңүзбү? Биз дүйнөнү өзгөртөбүз десек, алгач өзүбүздү, өзүбүзгө болгон мамилени өзгөртүшүбүз зарыл. Cиз биздин партияны колдогон болсоңуз, анда жаңылган жоксуз. 10-20 жыл өткөндөн кийин балдарыңызга, неберелериңизге “мен жаңылбаптырмын” деп айта аларыңызга ишенем.

Акыл, Ош:
– Жакында жергиликтүү сотторго сынак өтөт. “Акча менен чечилет” деген сөздөр азыртадан айтыла баштады. Буга кандай карайсыз, жаштар эч кандай пара бербей, өз күчүбүз менен өтсөк дедик эле.
– Сөзсүз түрдө тапшырып, аракет кылыңыз. Азыркы систем мурункуга караганда ачык-айкын. Мына, Сотторду тандоо кеңеши кимди кандай жол менен тандап алып жатканын бүт Кыргызстан көрүп турат. Биз сизге окшогон таза адамдар келип сот тармагын тазаласын деген ниетте ушул системди түзгөнбүз.

– Өзүм “Ата Мекендин” мүчөсү болом. Жакында сиздин таламыңызды талашып, эки жаат болуп мушташып кеттик. Бишкекке барганда 5 мүнөткө сиз менен жолугуп, эстелик үчүн сүрөткө түшсөм болобу?
– Сөзсүз. Бишкекке келгенде мага жолук. Токтой тур, эми менин суроом, мушташтын аягы эмне болду, ким утту (күлүп)?

– Ал менин мурдумду сындырды, мен анын көзүн көгөрттүм. Туура түшүнүңүз, сизди колдой турган, керек болсо мурдун да аябай турган кыргыздын жигиттери бар. Артка кайтпаңыз!
– Макул, рахмат.

Жумабүбү, Бишкек:
– Өкмөт башчы болсоңуз, көп жакшы иштерди жасамаксыз. Эмне үчүн премьер болбой жатасыз?
– Бул нерсе буйруктан, буюрса деп жооп берейин. Жаңы систем боюнча, бийликке элдин эрки, элдин добушу менен келебиз.

Мелис, Каракол:
– Достор менен талашып кетем, сизди “Акаев менен Бакиевдин заманынан бери иштеп келе жатат, эмне иш кылды? Бийик “постторго” барып иштебейт беле?” деп суроо салышат...
“Кызматыңды кылып берейин” деп Акаевдин да, Бакиевдин да алдына ийилип барган жокмун. Төрага болуп турганда Бакиевден “чогуу иштейли, ынтымакта бололу, Кыргызстан экөөбүзгө кенен жетет” деген сунуштар болгон. Бирок баш тарткам.

Гүлмира, Бишкек
– "Заманың бөрү болсо бөрү, түлкү болсо түлкү бол" дегенге кандай карайсыз?
– Муну “конформисттик философия” деп коёт. Заманыбыз бөрү да болду, түлкү да болду. Бирок “Ата Мекен” партиясынын негизги мүчөлөрү өз өңүбүздү, принцибибизди өзгөрткөн жокпуз. Адамдарды, өлкөнү жана дүйнөнү бекем принцип, бекем карманган идеология жана өжөрлүк өзгөртөт.

WWW.SUPER.KG сайтынын колдонуучулары узаткан суроолор

Daud:
– Сизди ислам динине каршы деп айтып жүрүшөт, чындыгы барбы?
– Динге каршы эмесмин. Мен төрөлгөндөн бери мусулманмын, кыргыздын мусулман үй-бүлөсүндө төрөлүп, тарбияландым. Ал эми 5 маал намаз окуп, мечитке барып турам деп айта албайм.

Akyikatchy:
– Жигиттик кылып 45 жаштан улуу бардык чиновниктер чогуу саясаттан кетсеңер жакшы болот эле. Жаштар келип, жаңы жашоо баштайлы.
– Бул жаңылыш ой. Башкаруучулукта билими, жетиштүү моралдык сапаты, тажрыйбасы бар адамдар болуш керек. Андай адамдар ар кайсы жаш курактык топтон чыгып калышы мүмкүн. Жаш ууруларды, бандиттерди деле көрүп жатабыз го. 45 жаштан өткөндөр саясаттан кетип, жаштар келсе, баары жакшы болуп кетет деген туура эмес.

NADUW:
– Бир кезде депутаттарга кызматтык унаа берилбесин деп чыктыңыз эле, сунушуңуз орундалдыбы?

– Тилекке каршы, ал сунуш өткөн жок, бирок биз багынган жокпуз. Кийинки келчү депутаттарга чектөө киргизели деген сунушту айтып жатабыз. Менин өкүнгөнүм, Баш мыйзамды кабыл алып жатканда референдум жолу менен депутаттардын иш-аракетин камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерге чектөө киргизип койсок болмок экен.

– (ред.) Мисалы, депутаттарга эркин мандат берүүгө чектөө киргизип койсо болот беле?
– Жок. Бардык демократиялык өлкөлөрдө мандат эркин, чакыртып алуу мүмкүн эмес. Конституция – тарыхый документ, анткени ошол кездеги кырдаалдын мөөрү басылган. Ал кезде мен жалгыз эмес, өкмөттүн 14 мүчөсүнүн сунуштарын эске алышка туура келди. Бул юридикалык гана документ эмес, саясий дагы документ.

realliver:
– 2010-жылы Баш мыйзамды талкуулап, кайра жазып чыгарда "түзүлгөнүнө 5 жыл же 3 жыл боло элек партиялар катыша албайт" деп мыйзамга киргизип койсоңор болот беле?
– Бул келечекте боло турган иш, бүгүн эрте. Чектөөлөр керек, анткени партияларга эл ишенип тагдырын берет. Азыр жаңы партиялар түзүлүүдө, шайлоолорго катышып көрүшсүн. Анан “Орусияга барып жакшы иштеп келдим. Машина алдым, үй курдум, атама аш бердим, эми депутат да болуп коёюн” деп аламанга түшө берген болбойт.

ТҮЗ БАЙЛАНЫШ КЫЗУУ УЛАНЫП ЖАТТЫ. АЛ АРАДА ӨЗҮБҮЗДҮН СУРООЛОРДУ ДА УЗАТТЫК.
– Жаңы систем боюнча, бийликке элдин эрки, тандоосу менен келиш керек дедиңиз. Эл депутаттардын мөөнөтү бүткүчө нааразы болуп жүрөт да, шайлоого келгенде эле жердешчилик ураанына алдырып же акчага добуштарын сатып жиберишүүдө. Балким, эл мындай шайлоого даяр эместир?
– Биз жаңы чекке умтулушубуз керек. Жаңы чек – адамдар эркин гана болбостон, жоопкер, аң-сезимдүү, намысты бийик туткан адам болушу кажет. Атуулдарыбызды "жердешчилик же акчалай жардам үчүн өлкөнүн тагдырын сатпайм, мени сатып алуу мүмкүн эмес. Ач-жылаңач болсом да, намыстуу элдин кулунумун" деген деңгээлге жеткиришибиз зарыл. Албетте, бүгүн каржылык фактор шайлоо маалында негизги ролду ойнойт. Бирок жылдан-жылга жылыш бар, шайлоодон шайлоого жылган сайын добуш берүүчүлөр өзгөрөт.

– “Текебаев Баш мыйзамдын текстин алмаштырып жиберген” деген дооматтар коюлду. Ага байланыштуу депутаттык комиссиянын жыйынтыгы качан чыгат?
– “Республикачылардын” айткандары жалаа, муну өздөрү да жакшы билишет. Жалган экенин тастыктаган документтер биздин колубузда турат, комиссия өз ишин баштаса беребиз. Калп экенин эл билсе болду. Жалган айткан адам бүгүн кылмыш жоопкерчилигинен бошотулган. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, бара-бара бул процесс бир нукка түшөт.

– Экс-премьер Өмүрбек Бабанов бир аргымактын чуусу менен кызматтан кетти. Премьердин отставкага кетиши менен күлүккө байланыштуу иш токтоп калдыбы?
– Оппоненттер айтып жатышпайбы, “ат алса эмне экен, Манас атабыз деле жылкы басып алып, тартууга күлүк алчу” деп. Алардын коррупцияга, бийликтин тазалыгына болгон көз карашы, түшүнүгү ушул деңгээлде. Бабанов “мен аны сатып алгам” деп бир жалган документ көтөрүп чыкты, ошону менен ал иш бүттү деп эсептейт. Укук коргоо органдары принципиалдуу болуп, иштин аягына чыгышы керек.

– Жакында жергиликтүү Кеңештерге шайлоо өтөт. “Ата Мекендин” даярдыгы кандай?
– Акча жагынан муктаждыгыбызды эсепке албаганда, даярдыгыбыз жакшы. Эгерде эл эски адатына салып, байдын сөзүн сүйлөп, акчалууну ээрчип кете турган болсо, анда кырдаал биз үчүн жагымсыз болот. “Принцип, идея үчүн добуш беребиз” десе, жагдай башка нукка бурулат.

– Мамлекеттик кызматта иштебеген кишини министр кылды деп айрымдар Кылычбек Султановдун Социалдык өнүгүү министрлигине келиши боюнча сиздин дарегиңизге сын айтышууда. Кандай ишеним менен биздин гезиттин негиздөөчүсүн министрликке сунуштоо чечимине келдиңиздер?
– Биринчиден, Кылычбек Султанов биздин кадрдык резервибизде турат, кокусунан же жеке мамилелерден улам тандалып алынган жок. Министрлик – саясий кызмат. Базаркомдор аэропортту башкарганын, зоотехниктер энергетика тармагын башкарганын көрдүк. Кылычбек Султановго биз ишенебиз, анын башкаруучулук жөндөмү, лидерлик сапаты бар. Саясий кызмат дегеним, ал жерде биринчи моралдык өзөгү, принциптүүлүгү болушу керек.
Экинчиден, ал жерде саясатчы гана эмес, башкаруучу, менеджер болуш керек. Кылыч андай сапаттан куру эмес. "Супер-Инфодон" башка эч бир кыргыз тилдүү гезит 100 миң нускага жете алган эмес. Бул Кылычбек Султановдун лидерлик, уюштуруучулук сапаты. Элдин табитин, каалоосун, керектөөсүн так аныктап билип, жөн гана аныктабастан, аларды жаңы багытка, жаңы бийиктикке көтөрүү жөндөмдүүлүгү бар дегенди билдирет. Кээ бирөө айтып жатат, “верстальщикти министр кылып койду” деп. Бул “Ата Мекендин” башка партиялардан өзгөчөлүгү.
Биз карапайым үй-бүлөдөн чыгып, өз өмүр таржымалын карапайым жумуштан баштап, мыкты ийгилик жараткан адамды мамлекет башчылыгына койгондон кайра тартпайбыз. “Аккан арыктан суу агат” деп чоңдун балдары чоң болуп, Кыргызстандын тагдырын биринен экинчисине өткөрүп берип башкарышы керекпи? Же “оозу кыйшык болсо да, байдын уулу сүйлөсүн” деп, байдын балдары министр болуп, тигил же бул тармакты укумдан-тукумга ээлеп башкарышы керекпи? Биз мындайга жол бербейбиз. Бул биздин идеологиялык артыкчылыгыбыз.
Обаманы алып карайлы, Кениядан АКШга барган кара мигрант жигиттин тагдыры. Элестеткиле, Кыргызстандан барган мигрант Орусияда орус кызга үйлөнүп, кайра Кыргызстанга кайтып келип, баласын таенеси багып жүрүп, анан ошол мигранттын уулу Орусиянын президенти болуп калса. Боло алабы бүгүн? Орусияда эмес, Кыргызстанда боло албайт. Анткени бизде түшүнүк башкача. Биз Кылычбек Султановдун талапкерлигин сунуштап жатканда партиянын ушундай эрежелерин, принциптерин карадык.

– Бир жолу “балдарымды балык уулоого алып барам деген убаданын үстүнөн чыга албай жатам” дедиңиз эле. Аткардыңызбы?
– Тилекке каршы, улам кийинки ишембиге жылдырып келе жатам. Балык уулай турган жерибиз деле бар, Исхак Масалиев эки айдан бери өзүнүн көлмөсүнө чакырып жатат, балыктарды байлап, семиртип койдум дегендей кылып (күлүп). Кар түшкөнгө чейин сөзсүз барабыз, эскертип койгонуңуздарга рахмат.

– Депутаттардын жайкы эс алуусу быйыл формалдуу түрдө эле өттү. Сиз эс алууга убакыт таба алдыңызбы?
– Жумушта жүрдүм, бирок эс алдым десем да болот. Каникул маалында каалаган учурда жумушка келип, өзүм каалаган темада иш алып барып, жыргап эле калдым. Ушунун өзүн мен эс алуу деп билем.

Эльвира Караева
Автандил Добулбеков
Ташболот Досалиев
politika@super.kg

 Кыстарылган видео 
Өмүрбек Текебаев: "Бакиев Кыргызстан экөөбүзгө кенен жетет деген..." 1-бөлүк
Өмүрбек Текебаев: "Бакиев Кыргызстан экөөбүзгө кенен жетет деген..." 2-бөлүк
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
aote
2012-10-08 10:36:33
jirgap ele kaliptir go e,ozu kaalaganday iwtep,konkurentteri jok....malina....Kobuurook batiwka basim jasayt eken!anaan Kilich Sultanov j.o sozdoru jakti
0
Talantchyngyz
2012-10-08 11:16:49
деги ким билет, аман болсун
0
buduz-80
2012-10-08 12:08:48
бодоно сойсо да касапчы сойсун деген соз бар Кыргызда,Омуке туура айтат,туз суйлойт мында кишилер коп кишилерге жага бербейт,туурасын айтып тууганына жакпай турган заман болду,элдер фактыга эмес ушакка кобуроок ишенип калды окшойт.
0
Debi
2012-10-08 17:32:26
Ушундай ойлонгон адамдар көбүрөөк болсун, ылайым!
0
istina
2012-10-08 19:56:45
премьерликке барсаныз Кыргызстанда озгоруулор болот эле го!Партияныздын катарында жургон кээ адамдар жакпайт да,жеке жашоолорун карап туруп кыжырым кайнайт,тууган арасында улгу боло албай анан Ата мекендин катарына кирип алып кыйынсынып журушот!
0
ainura220888
2012-10-08 20:30:34
Ушул саясат качан бутот экен бизде даже кичинекей балдар саясатан суйлошот, мурун аксакалдар чогулуп дават айтышса азыр саясат жонундо суйлошот неси болсо да аман эле бололу Кыргызым. Кылычбек мырзанын министир болгонун угуп менда суйундум чыныгы лидер келиптир деп. Ишинизге ийгилик! Негедир Текебаевге эч ишенбейм и бирда элге кылган ишин коргон эмесмин созунон башка бул менин жеке пикирим.
+1
sabyr86
2012-10-09 10:38:38
видеосу болсо кызыктураак болмок.
0
admin_AGAT
2012-10-09 10:51:38
sabyr86, саламатсызбы!
Видеосун жакын арада көрө аласыңар.
0
Denizza
2012-10-10 19:50:30
Аябай Кылычбек Султановдун арыгын казып анан супер инфого чыгыптыр го аттин. Алгач Текебаев десе аябай колдойт болчум азыр болсо таптакыр мен эмес эл да колдобой калган. Журналисттерге соз тийгизип атбады беле мекенчил жаш гезитинен окуп калдым эле ......
-1
Gold81
2012-10-10 22:52:08
Ар бир адам озунун айткан созун берген убадасын так аткарса созундо турса баары жакшы болот! Бирок бизде кыргыздарда андай адамдар аз жок деседеле болот!!!
0
spinkub
2012-10-11 01:54:54
Кыргызстан учун эмне иш кылды ушул киши.
0
Kroxa
2012-10-12 11:17:25
ай ким билет,умут бар сизде..
0
shirin27
2012-10-12 11:51:35
Kim bilet Kim bilet ........,aytooor olom bir kun kichine alladan kechirim surap Namaz okuP koyoyun degen oyu bolso eken ushul kishinin. KoP ele kreslogo asila berbey
0
shirin27
2012-10-12 11:52:30
Negizi bizdin chinovnikter
0
Nursaikal
2012-10-14 10:06:37
Мен Омурбек Черкешовичке ишенем. Ата Мекенди жаманатты кылгандар, айыл жергесиндеги жактоочу мучолор, себеби эч ким билбейт дегенсип, озулорунун ойлогонун кылышат.
Ийгилик каалайм!
0
№ 518, 5-11-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан