Бир кезде чоң сахнадан аты чыгып, элге таанылып калган ырчы Эрлан Шүкүрбеков көп убактан бери көрүнбөй кеткен. Бирок Талас облусунун аймагында дале популярдуулугун жогото элек. Капыстан ага жолугуп калып, кепке тарттык.
– Эрлан, билишибизче, той-аштан колуң бошобой жүрүптү р...
– Ооба, ишим мурункудай эле ырдамай, тамадалык кылмай. Той-аштын убагы болгондуктан, күн сайын тойлорго чакырык алып, такыр колум бошобой жатат. Той ээсинин өтүнүчү менен Бишкектен ырчыларды да алып келип, ырдатып берем.
– Чакырык Таластан эле түшүп жатабы же...
– Жамбыл (Казакстан) жакын болгондуктан, казактар тойлоруна көп чакырышат. Биз бир нече ырчы болуп топ түзүп, Казакстанга гастролго чыгып турабыз. Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдыгына карата облустук деңгээлдеги долбоор менен иштеп, Талас облусун түрө кыдырып концерт бердик.
– Убагында Бишкекте чоң концерттерди берип, кайрымдуулук иш-чараларын уюштуруп, өзүң да ырдап жүрдүң. Азыр да ырчылар менен байланышып, катташып турасыңбы?
– Көбү менен байланышып, катташып турам. Мисалы, Алина, Назира Жетигенова, Клара Алибекова, Сакиш, Бопуш, Дайыр Исмадияров жана башкалар менен.
– Жаш таланттар чыгып калса, топ түзүү оюңда барбы?
– Бар, эми аны мезгил көрсөтөт. Жаш таланттар чыгып калса, аларга жол көрсөтүп, акыл-кеңешимди айтып, колдоого аракет кылам. Өз чөнтөгүмдөн каражат чыгарып, “ыр жаздырып ал” деп демөөрчү да боло калам.
– Анда таластык жаштарга пайдаң тийип жаткан экен...
– Бир кезде бизге да улуу муундагылар жол көрсөтүп, таптаган. Мисалы, мен Сакиш менен Бопушту өз ата-энемдей көрүп, сыйлаганым – алардын мени таптаганы болгон. Алар менен чогуу жүрсөң эле күлкү, тамаша кошточу.
– Анда бирин айтып бербейсиңби?
– Бир ирет гастролго чыгууга даярданып Сакиш, Бопуш болуп Нурбек Айдаровдун үйүндө түнөдүк. Ал жер тамда жашачу. Мен коркокмун, аны баары билишчү да, мени тамашаламак болушат. Баарыбыз коркунучтуу кино көрүп отуруп, уктап кетиптирмин. Бир кезде ойгонуп, сыртка чыкмак болдум. Сакиш эжеге “жүрүңүзчү” десем болбойт. Анан светти күйгүзүп өзүм чыгып, дааратканага бардым. Эми чыгайын деп жатсам эшик ачылып, чачтары апсайган, аппак желмогуз кирип келатат. Кыйкырып, өкүрүп жатам... Көрсө, мен чыккандан кийин Сакиш эже Нурбекке парик кийгизип, үстүнө ак шейшеп жаап мага жиберип ийиптир да.
Канымжан Усупбекова
talas@super.kg