КУРМАНБЕК АДИЕВ, мушкер:«КЫРГЫЗСТАНГА КАЙРА КЕЛСЕМ ДЕГЕН ТИЛЕГИМ БАР»

Жалал-Абад облусунда ушул жылдын 22-сентябрында эрежесиз эр уруш боюнча Евразия чемпиондугу болуп өткөн эле. Мына ошол мелдеште 1-орунду алган Курманбек Адиев менен маек курдук.

Лакап аты – Куба, Кубинец.
Туулган жылы –1989-жыл, 11-август.
Бою – 183 сантиметр.
Салмагы – 85 килограмм.

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:
Эрежесиз эр уруш боюнча 1-орун (2010-жыл, Санкт-Петербург).
Орусия биринчилигинде 2-орун, Эл аралык турнирде 1-орун (2011-жыл, Санкт-Петербург).
Шаар чемпиондугунда 1-орун (2012-жыл, Санкт-Петербург).
Евразия чемпиондугунда 1-орун (2012-жыл, Кыргызстан).

– Саламатсыңбы, Курманбек? Спортко кантип келип калганыңдан баштасак...
– Саламатчылык. Окуп жүргөн кезимде эле спортко жакын элем. Кийин агамдын артынан Орусиянын Санкт-Петербург шаарына кеттим. Агам да спортчу, машыгууга чогуу барчубуз. Бир жолу мени Виталий деген машыктыруучу көрүп калып, тарбиялай баштады. Мелдештерге катыштырып жүрдү. Кызыгуум күчөп кетип, Санкт-Петербург шаарынын өздүк курамына 2 жылдык келишим менен кабыл алындым.

– Келишим бүткөндөн кийин эмне кыласың?
– Ойлонуп көрөм. Албетте, өз мекенимдин желегин желбиретсем дейм. Бирок бизде шарт жок, спортчулар үчүн дайыма машыгып, мелдештерге катышып туруу зарыл. Мен ойлойм, шарт жок жерде өсүү, анан ийгилик азыраак болот деп.

– Эрежесиз эр урушка чыгып жатып аёо сезимдери ойгонуп кетиши мүмкүнбү?
– Аёо болсо, жеңиш болбойт. Спорттун талабы ошондой, тандаган спорттун туу чокусун багындырыш үчүн талапка баш ийүү керек. Бооруң ооруса, анда өзүң муш жейсиң. Мен рингге чыкканда кек деле сактабайм. Кээ бир адамдар бар, кек сактап калышат. Көбүнчө мен рингден дос табам десем жаңылбайм.

– Сенин ийгиликтериңдин негизги себепкери ким?
– Мен Орусиядагы машыктыруучума аябай ыраазымын. Ал менин бир тууган агамдай болуп калган. Мага ишенип, мени таптап, мелдештерге шыктандырып, айтор, жашоодогу көп нерсени мага ошол киши үйрөттү. Машыгуумду талыкпай көзөмөлдөп жүрөт. Мен бул жакка келгенден бери тынбай чалып, “качан келесиң?” деп жатат.

– Жакындарың сенин спорттогу тандооңо кандай карашат?
– Ар бир мелдешиме бир тууган агам гана дайыма барып катышат. Ата-энем каршы деле эмес, бирок анча-мынча муш тийип кетчү спорттон алар деле чочулашат да. Ошондуктан “иштеп эле жүрөм” дей берчүмүн үйдөгүлөргө. Кыргызстанга келгенде медаль, кубокторумду көрүп унчугушкан жок.

– Алган куруң жөнүндө айта кетсең...
– Ар бир жеңишке тынымсыз машыгуу аркылуу жетесиң. Мен бир ай тынбай машыктым, даярдандым. 85 килограмм салмактагы атаандашым менен 1-орунга ат салыштым. Буюрган экен, жеңишке жетиштим. Бирок эрежелерде кыйла эле айырма бар экен. Анан спортчуну кызыктырып туруучу жагдайлар жокко эсе экенин билдим.

– Маегиңе рахмат. Ийгиликтерди багындырып жүрө бер.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
diana345
2012-10-16 05:31:48
apeei,Kuba sensinbi,krasav4ik,men seni myn4alyk dep oilogon emesmin molodess,batyraak kel Piterge,byiyl uilonboi koe tur,4empion turbaisynby,prodlojeniyandy oilonup koroiun,seni myndai dep oilogon emesmin
0
mormelad88
2012-10-16 22:58:20
ай сен адамды ийгиликтерине карап мамиле кыласынго Куба бул айым сени мурун билбей калган экен
0
diana345
2012-10-17 01:02:07
mormelad88, altynym koi an4alyk maanaiyndy tushurbo,tars etkendin baary tamasha da,dosum menen tamashalasha berem
0
mormelad88
2012-10-17 09:34:30
чындыгына жараша дейби
0
mormelad88
2012-10-17 18:40:45
менделе тамашаладым кубага жетишине тилектешмин бактылуу эле бол алтышка
0
diana345
2012-10-18 02:49:28
mormelad88, ha ha Kuba maga jetsin seket
0
Talant86
2012-10-25 17:15:08
Куба азаматсын кыргыз эли ар дайым сени мн сыймыктанып журо берсин мындай кийинки мелдештерине ийгилик.
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан