ТҮПТӨ ЖЕР ТАЛАШ

Бүгүнкү күндө айыл жергесинин дээрлик бардык жашоочулары мал багып, дыйканчылык кылып тиричилик өткөрүп келишет. Бирок Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жер маселеси чечилбей, малчыларды бушайман кылууда. Бул тууралуу төмөндө кененирээк кеп козгойбуз.

Түп районунун кээ бир тургундары ондогон-жүздөгөн гектар үлүш жер пайдаланып келишсе, башкасына эч кандай жер бөлүнбөй, малына чөптү кымбат баада сатып алышат. “Райондун жашоочуларына үлүш жер кандай шартта бөлүнгөн, ким тарабынан берилген?” деген суроого жооп издеп көрдүк. Алгачкы кадамыбыз аталган райондогу Сан-Таш айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин башчысы Калый Курмановго болду:
– Биздин Жайыт комитети боюнча жалпысынан 13 миң гектарга жакын жер бар. Мунун ичинен районго өтүп кеткен 8 миң гектардай жер жайыт үчүн бөлүнгөн болчу. Тилекке каршы, биздин эсепте турган жерлер айыл өкмөт тарабынан каалоочуларга сатылып кетүүдө. Жайыт комитети деп аталганыбыз менен, эч кандай жерге ээ боло албай келебиз. Көп учурда биздин ордубузга айыл өкмөтү чечим чыгарып коёт. Айыл элинин арасында пикир келишпестиктер, түшүнбөстүктөр жаралып, эки жаат болуп жатабыз. Нааразычылыгыбыз – айыл өкмөтү өз билемдик кылып биздин иштөөбүзгө жолтоо болуп жатканы.

Андан ары айыл тургуну Фатима Айтпаеваны сөзгө тарттык:
– Түп айылында жашаганыбызга көп жыл болду. Убагында үлүш жер туура эмес бөлүнүп калган. Үй-бүлөбүзгө айыл өкмөтү үлүш жер бөлүп бергенинен биринчи жылы уулдарым барып чөп чаап, кышка малыбызга тоют камдап келишкен. Экинчи жылы да чөп чабалы деп барышса, ал жерди башка адамдар ээлеп алышыптыр. Окуянын аягы мушташ менен бүткөн. Быйыл айыл өкмөтүнөн жер сурасак, кайра эле ошол жерден бөлүп берди. Уулум барып даярдап койгон үймөк чөптөрдү көрүп, башка адамдар “биздин чөптү чаап жатасыңар” деп ур-токмокко алышыптыр. Көрсө, бир эле жерди бизден башка беш кишиге сатышкан экен. Натыйжада жер алгандардын алтынчысы биз болуп отурабыз. Азыркы учурда айыл жергесинде мал багып күн көрөбүз. Бирок “бир тоокко дагы жем керек” дегендей, чөбү жок малды кантип багабыз?!

Жогорудагы сөздөрдүн чын-төгүнүн бышыктоого Түп районунун акими Меркибек Кыштобаевге жолуктук.

– Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү жайыт маселеси тууралуу кеп салып берсеңиз...
– Сан-Таш, Кең-Суу, Сары-Тологой айылдары биригип Сан-Таш айылдык округун түзөт. Анын негизги 13 миң гектар жери Каркыра жайлоосунда жайгашкан. Ошонун көп бөлүгү жергиликтүү тургундарга үлүш катары тийген. Учурунда айылдын эли жердин салыгын төлөй албайбыз деп арыз жазып өкмөткө кайрылышкан. Андан соң үлүш жер өкмөткө өтүп, жайыт жери деп белгиленген.
Айыл өкмөт жер салыгын чогулта келгенде төлөмдөр жетишсиз болуп, өкмөттөн жер сурап келгендерге өлчөмүнө карабастан макул болуп бере беришкен экен. Себеби жердин төлөмдөрү чыгышы керек эле. Мына ошол гана кызыкчылык башкы максат болгондугу турган иш. Анда алар 20дан 30 жылга чейинки мөөнөттө жерди пайдаланууга акылуу деп эсептелген.

– 200-300 гектар жер пайдаланган адамдар бар деген кепти угуп калдык...
– Ооба, мага да ушундай маселе жетип, жакында эле тизмени текшерип чыктым. Эң көп деп 50 гектар жери бар адамды айтууга болот. Эки жүз, үч жүз деген жалган. Дагы бир белгилей кетүүчү жагдай, жер алгандар четтен келген жери жок. Жеке гана Түп районунун жашоочулары.

– Мындан ары кандай чечимди күтсөк болот?
– Көп жер алган айыл тургундары менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жери жок тургундарга кайрып бергендер болууда. Бирок “бербейм” деп четке каккандар да жок эмес. Бул маселе боюнча өкмөткө тийиштүү документтерди жөнөтөбүз. Эми өкмөт кандай чечим кабыл алат көрө жатарбыз. Жерди тизме боюнча айыл элине тең кылып бөлүп берет деп ишенем.

Айзат Анарбекова
karakol@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Агата Кристи
2012-10-23 11:38:27
ооба да,бизге жонокой сезилгени менен мал кармагандар учун койгой да...
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан