Баткен районунун Ак-Татыр айылында 112 жылды багынткан Нишанбүбү деген чоң апа бар. Чоң апабыздын ден соолугун сурап келдик. Ал жакшы укпай, көзү жакшы көрбөсө да, колунан келишинче маек куруп берди.
– Амансызбы, ден соолугуңуз жакшыбы? Алгач өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз...
– Жакшы, айланайын, рахмат. Мен Раватта туулуп-өскөнмүн. Атым – Нишанбүбү, фамилиям – Юлдашева. 11 бир туугандын ичинен жалгыз калдым. Ата-энем жана бир туугандарымдан жаш кезимде ажырап калгам. Кичинемден баштап эшек айдап күн кечирчү элем. 20-30 чакты эшекти айдап Исфарага барчубуз. Ошондо эмгек акыбызга 8 жанга бир кесимден нан берет. Ошол нанды 2 суткага жеткирип жечүбүз. Ушундай күндөрдү көрүп чоңойдум.
– Сизди 100 жаштан ашкан деп уктук, аны кантип далилдеп бересиз?
– Мен 1900-жылы туулганмын. Азыр 2012-жыл. Ошондо эсептесеңер (күлүп).
– Жакшы, ишендик. Дүйнөдө же Кыргызстанда болуп өткөн чоң окуяларды, дүйнөлүк согуштарды, Октябрь революциясын, Үркүн жана башкаларды башыңыздан өткөргөн экенсиз. Ошолордон кеп салбайсызбы?
– Согуш жөнүндө айткым келбейт. Согуш болбосун. Согушта бир туугандарымды жоготтум. Күн-түн дебей оорукта иштедик. Түнү айдын жарыгында буудай орчубуз. Ачарчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Ачарчылыктан көп эл кырылган. Үркүндө ар ким ар жакка качып тараган. Биз Тажикстанга качканбыз.
– Өмүрлүк жолдошуңуз менен кантип таанышкансыз?
– Чалымды тааныбайт элем. Ата-энелерибиз баш коштурган. Ал айыл башчы эле. Мен 11 жашымда ага турмушка чыккам.
– Канча балаңыз бар? Небере-чөбөрөлөрүңүздүн саны канча?
– 3 балалуу болгонбуз. 2 балабыз бөбөк кезинде жыйылган буудайдын астында калып каза болуп калган. Азыр 63 жаштагы Турганбүбү деген кызымдын колундамын. 7 неберенин, 12 чөбөрөнүн таенесимин.
– Азыркы жаштардын сүйүүсүнө көз карашыңыз?
– Жаштардын сүйүүсүнө жакшы көз караштамын, себеби өзү тандап, өзү сүйүп алса, ошол жакшы.
– Жаш кезде баштан өткөн кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз...
– Раваттан Исфарага эшек менен колхоздун буудайын ташычубуз. Эшектер Ак-Татыр жакта бир дөңдөн өтүп жатканда каптар ооп калар эле. Анан ал каптарды чогултуп, “Чорку” тажик базарына алып түшүп соодалап, өзүбүз материал алчубуз. Аны айыл башчыга билдирбейт элек.
– Союз убагында жашоо жакшы эле дешет. Ошол чынбы?
– Союз убагында акчанын баркы бар болчу. Мисалы, 1 рублга каалаган нерсени алып, каалаган жакка барчубуз. Азыр 1 сомго ширеңке да ала албайсың. Бирок мага азыркы жашоо жагат, себеби Союз убагында башымдан көп кыйынчылыктарды өткөргөм. Азыркы силердин заманыңар эле жакшы. Бардык нерсе бар. Каалаганыңды аласың, жейсиң.
– Көп жашаганыныздын сыры эмнеде? 100 жашка чыгам дегендерге кандай кеңеш бере аласыз?
– Сыры деле жок, балам. Эмгек кылуу керек. Бүт денең кыймылдап иштесе, 100 эле эмес, 200гө да чыгасың. Ошондуктан көп иштегиле, аракет кылгыла.
– Жогору жактан келип ал-абалыңызды сурап турушабы?
– Ооба, өкмөттөн адамдар, окуучулар келип турушат. 1-октябрда губернатор өзү келип учурашып, акча берип кетти. Чоңдорго бир суранычым бар, үйүбүздү оңдоп беришсе жакшы болот эле. Жаан жааганда чатырынан суу өтөт.
– Бош убактыңызды кантип өткөрөсүз?
– Бош убакта мал карачу элем. Азыр эки-үч жылдан бери ден соолугума байланыштуу чөбөрөлөрүмдү карап күн өткөрөм. Мага көңүл бөлүп келгениңерге рахмат, айланайындар! Ишиңерге ийгилик!
Маегибиздин аягында Нишанбүбү чоң апа жер жүзүндө согуш болбосун, Кыргызстан гүлдөп-өссүн деп батасын берип узатты. Биз да чоң апабызга дөөлөттүү карылык каалайбыз. Небере-чөбөрөлөрүңүздүн арасында бактылуу карылыкта, оорудан алыс болуп жүрө бериңиз!
Тажигүл Эшбаева
batken@super.kg