ЖЕТИ-ӨГҮЗДҮКТӨР КЫШ ЧЫГАРУУЧУ ЗАВОД КУРУП БЕРГИЛЕ ДЕШТИ

Кумтөр” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышуу үчүн барган мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү Экономика министри Темир Сариев менен ЖКнын депутаты Эркингүл Иманкожоева Жети-Өгүз районунун эли менен жолугушуу өткөрдү. Жергиликтүү тургундар менен аталган кен иштетүүчү ишкананын экологияга тийгизген таасири, аймактагы элдин жашоо-шарты тууралуу сөз болду.
Жети-Өгүздүктөр мурда убада кылынган районго кыш чыгаруучу завод куруп берүү маселесин да айтып чыгышты. Аталган кен казуучу ишкананын вице-президенти Андрей Сазонов “биз кыш завод куруп беребиз деп убада берген эмеспиз. Бизнес-план түзүүгө гана көмөктөшө тургандыгыбызды айтканбыз, аны каржылап бердик” деди.
Буга улай Темир Сариев “мамлекеттик комиссия компаниянын ички маселелерине кийлигише албайт, биз кандайдыр бир шарттарды коюп, күчкө салуудан алыс болуубуз керек” деген оюн айтты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан