СПОРТЧУЛАР 2 АЛТЫН МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Каракол шаарынан 2 спортчу Бишкек шаарында өткөн 15 жашка чейинки улан-кыздар арасындагы жеңил атлетика боюнча мелдеште алтын медаль тагынышты. Аталган мелдешке Кыргызстан, Тажикстан, Казакстан жана Орусиядан спортчулар катышкан. Маалыматка ылайык, көпчүлүк алдыңкы байгелерди чет элден келген спортчулар алып кетишти.
Кыргызстандан караколдук эки спортчу жогорку байгени багындырышты. 800 метр аралыктагы жарышта Ислам Жеңишбеков ишенимдүү жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болсо, 1500 метр аралыктагы жарышта 1-орунду Батырбек Түкөбаев алып, алтын медаль тагынды. Ошондой эле 1500 метр аралыкка чуркоодо кыздар арасында 3-орунду да караколдук спортчу кыз Темирбек кызы Элиза илип кетти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан