КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР

Өткөн аптада өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канатбек Муратбеков карыларды майрамы менен куттуктады. Ал Нарын шаарында жашап жаткан 102 жаштагы Сатыке Калчаев менен Калипа Осмонова аттуу карыларды үйлөрүнө барып куттуктап, ар бирине 5000 сомдон акча берди. “Карысы бардын ырысы бар” демекчи, учурда Нарын облусу боюнча бир кылымдан ашык өмүр кечирип жаткан 49 карыя уул-кыздарынын ысык чайын ичип жатышкан чагы. Тагыраак айтканда, Ак-Талаа районунда – 4, Ат-Башы районунда – 5, Жумгал  районунда – 6, Кочкор районунда – 14, Нарын районунда – 17, Нарын шаарында 3 карыя бар.
Мындан тышкары окуучулар менен студенттерден түзүлгөн "тимурчулар" тобу алардын үйүнө барып, жардам беришет. Ал эми Карылар күнүндө жергиликтүү бюджеттен 53 300 сом жардам берилген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан