Нарын облусундагы Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов Кара-Кече көмүр кенин басып алууну каалагандар жергиликтүү тургундар эместигин айтып чыкты. Эскерте кетсек, буга чейин кара алтын чыккан жерди басып алууга бир нече ирет аракет болгон эле.
“Шаардан кээ бир адамдар келип, уюштурабыз, тигинтебиз-минтебиз дешип элди басып алууга үндөп жатышат. Аларды эл ээрчибей койду. Жергиликтүү эл “биз басып алууга барбайлы, сот аркылуу чечишип алсын” дешүүдө. Кендин кожоюндары, акционерлери бар да. “Мээрим” фондунун, “Ажыдаар Холдинг” дегендин кандайдыр бир үлүштөрү бар экен. Бирөө Акаевдин, экинчиси Бакиевдин убагында алган дейт, ошолорду улутташтырабыз деген сөздөр болду”,- деп билдирди аким өз сөзүндөф