«АК ЭМГЕК МЕНЕН АКЧА ТАПКАНДАН УЯЛБАЙМ»

Акыркы күндөрү кыш куюп, аны кесип кылып алган мекендештерибиз көбөйдү. Бишкек шаарынын четинде жайгашкан Калыс-Ордо жаңы конушунан өткөн сайын жол боюнда кыдырата жыйылып турган кыштарды көрчүмүн. Бул кыштардын кантип, кандай эмгек менен жасалары кызык болду. Ал жерге барып, иштеп жаткандардын бирин кепке тарттым. Өзүн Мирбек деп тааныштырган жигит кесиби тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берди.

– Бул жерде иштегениңе канча убакыт болду?
– Кыш куюп иштегениме 2 жылдан ашып, 3 жылга чукулдап баратат.

– Мында канча киши иштейт?
– Азыр азайып калды. 12 бала иштеп жатабыз. Жазында 50гө чейин жетет.

– Анан орун талашып калбайсыңарбы?
– Жок, бул жерди ижарага алабыз да.

– Кайдан?
– Тээтиги аскердик бөлүктөн. Айына 5 миң сом төлөйбүз (маңдайыбыздагы аскер бөлүгүн колу менен көрсөтүп).

– Кышкысын да иштейсиңерби?
– Октябрдын ортолорунан тарта ишибиз токтойт.

– Кышында эмне кыласыңар?
– Ылайыктуу башка жумуш таап, иштей беребиз.

– Кыш канча убакытта кургайт? Жамгыр жааса, даярдап койгон кышыңар эзилип кетпейби?
– Жайкысын кыш 2 күндө кургайт. Азыр болсо 7 күндө кургап жатат, себеби күн сууктап калды. Ал эми жамгыр жааса, кийин кыш бир жумага чейин эзилбей тура берет. Эч нерсе болбойт. Биз куйган кыштардын заводдон чыккан кыштардан айырмачылыгы ушул.

– Кыш эмнеден, кантип жасалат?
– Топурак, кум кошулуп жасалат. Саман да кошсо болот, бирок биз саман кошпойбуз. Калыпка жабыша берет.

– Топурак, кумду кайдан аласыңар? Өзүңөр казып келесиңерби?
– Топуракты да, кумду да сатып алабыз. Кыш куюп жаткан калып да акчага келет. Калыптын баасы 500 сом турат. Ал эми бир ЗиЛ кумдун баасы 2500-3000 сом, топурак болсо 900-1500 сомго чейин. Сууну мотор менен бул каналдан сордуруп алабыз.

– Бир ЗиЛ толтура топурактан канча кыш чыгат?
– 2000.

– Бир кыштын баасы канча?
– Ушул маалда 3 сом 20 тыйын болуп жатат. Жакында 3 сом 70 тыйынга чыгарабыз го. Себеби муздак болуп калды. Күн жылууда, бир ай мурун эле 2 сом 30-40 тыйындан сатчубуз. Мээнетибизге, чыгымдарга деле караш керек да. Биз ысыкта ысып, суукта үшүп акча табабыз. Азыр кокустан ооруп кала турган болсок, тапкан акчабыз акталбай калат.

– Дүңүнөн алгандарга арзандатасыңарбы?
– Аларга 10 тыйын арзан сатабыз.

– Кыштын өлчөмү, салмагы кандай?
– Узундугу – 25 сантиметр, туурасы – 12 сантиметр, капталы –
9 сантиметр. Ал эми салмагы –
4 килограмм.

– Кардарларды кантип табасыңар?
– Дайыма алчу кардарларыбыз болот. Анан жолдун боюна кыштарды жыйып койсок, алар келе беришет.

– Айына канча акча табасың?
– Жакшы иштесек, 25 миң сомдон кем таппайбыз. Мисалы, эртең менен саат 6да келсек, 10го чейин 500, кечинде 5тен кийин 500 кыш куюп койсок жетет. Күндүз күн ысып кетсе, эс алабыз. 1000 кыш – бир күндүк норма.

– Жумушуңдан тажап, башка жумуш карап же болбосо чет өлкөгө кеткиң келген учурлар болобу?
– Жок. Чет өлкөдө иштегим келбейт. “Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз жериңде ултан бол” деген кыргыздын сөзү бар. Чет жерде жүрүп тапкан акчаны мекениңден деле тапсаң болот. Башында кыш куюп иштегенден тууган-досторуман уялчумун. Кээде туруп “мен бирөөнүн акчасын алдап алган жокмун, уурулук кылбадым. Эч жакта иштебей, арак ичип, көчө таптап жүргөндөр деле уялбай жүрүшөт. Ак эмгегим менен иштеп, акча таап жатам. Эмнеден уялмак элем?” деп калам.

Маектешим сөзүн аяктаганда алардын жумушун бир аз карап турдум. Чындыгында эле оор жумуш. Бирок жумуштун жеңили жок болот эмеспи. Ошентсе да бирөөнүн тамагына көз артпай, өз күчү, эмгеги менен жан багып жаткан жигиттерге баа бердим.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
janet
2012-10-16 00:41:05
маладес мужик!
0
ELKA-87kg
2012-10-16 17:06:31
азаматсынар, бироонун жеринде иштеп акча табуу да оной ємес бирок адамдар жыргаганынан башка мамлекеттерде иштеп жургон жок жокчулуктун артынан жетишпестиктен єл журттан алыста кор тиригиликтин айынан талаада иштоого аргазыз
0
bapa
2012-10-18 09:16:45
азамат... респект...
0
kg_girl1991
2012-10-19 23:09:39
Azamatsyz!
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан