Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын судьялыгына талапкерлердин экөөсү анкетасында өз мүлктөрүн көрсөтүшкөн эмес. Сотторду тандап алуу кеңешинин маалымат кызматынын билдиришинче, Сотторду тандап алуу кеңешине судьялыкка талапкерлердин наамына кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Кеңештин мүчөлөрү түшкөн маалыматты талапкерлердин өздүк анкетасына толтурган маалыматты салыштырып, айырмачылыктарды таап чыгышкан. Судьялыкка талапкер Макен Турдугулов анкетасында бир гана объектиси бар экенин көрсөткөн, ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматы боюнча, анын наамына 16 объект катталган. Дагы бир талапкер Жедигер Саалаев да өз анкетасында Ысык-Ата районунун аймагында дачасы бар экенин көрсөткөн эмес.