9 УЮН АЙДАП КЕТИШКЕН

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын жана Чүй ОИИБинин кызматкерлери тарабынан мал уурдашкан уурулар колго түшүрүлдү. Оперкызматкерлер тарабынан “ири мүйүздүү мал уурдашкан” деп шектелип Сокулук районунун 4 тургуну кармалган. Кылмыш тууралуу маалымат Москва РИИБине сентябрь айынын аяк чендеринде түшкөн. Беловодск айылынын тургунунун 9 уюн жайытта жайылып жүргөн жеринен белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкен эле. Зыян 300 миң сомду түзгөн. Бул факт боюнча Москва РИИБинин тергөө бөлүмү “Мал уурулук” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Учурда кылмышка шектелип кармалган Сокулук районунун Төш-Булак айылынын 4 тургуну убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан