ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЧЫР БЫЧАК САЙЫЛУУ МЕНЕН АЯКТАДЫ

7-октябрда саат 16:30дарда Чүй облустук ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүнө Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылынын 44 жаштагы тургуну курсагына бычак жеп, баш мээси чайкалып, мас абалында жеткирилген. Чүй ОИИБинин маалымат кызматы билдиргендей, алдын ала иликтөөлөрдө бул кылмышка жабырлануучунун аялынын тийиштиги бар экени билинип, милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аламүдүн РИИБинин кызматкерлери 42 жаштагы жергиликтүү тургун үй-бүлөлүк чыр учурунда колуна бычак алгандыгын аныкташкан. Аталган аял кылмышын мойнуна алып, окуя болгон жерден далил буюм – ашкана бычагы алынган. Учурда иликтөө жүрүүдө. 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан