6-октябрда таңкы алтыларда Бишкек-Ош багытында бараткан Фольксваген Венто үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу Новопавловка айылында 64 жаштагы Бишкек шаарынын тургунун сүзүп кеткен. Чүй ОИИБинин маалымат кызматынын билдиришинче, жол кырсыгынын күнөөкөрү эс-учун билбей жаткан улгайып калган аялды унаасына салып шаардык ооруканага жеткирип, изин сууткан. Учурда иликтөө жүрүп жатат.