БАКМА БАЛАНЫ КАТТАТЫП АЛЫШТЫ

9-октябрда милицияга Жайыл районундагы Новониколаевка айылынын 41 жаштагы тургуну өзгөчө сураныч менен кайрылган. Ал 2007-жылы 1-ноябрда үйүнө таштап кеткен баланы асырап алгысы келгенин маалымдаган. Белгисиз адамдар түн ортосунда анын үйүнүн алдына жуурканга оролгон болжол менен 1 жаштагы баланы таштап кетишкен. Баланы таап алган үй-бүлө наристенин энеси эсине келип, бир күнү келип алып кетет деген ишеничте багып жүрүшкөн. Андан бери 5 жыл өтүп, багып алган ата-энеси наристеге өздөрүнүн фамилиясын берүүнү чечишкен. Себеби алар балага көнүп калышкан жана ал жакында мектепке бармак. Ал эми документи жок баланы мектепке киргизүү да оор.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
raia
2012-10-15 12:07:35
Бала тапкандыкы эмес баккандыкы.Омуру менен ырыскысы менен силерге куйумдуу татыктуу бала болсун.
+1
ainura220888
2012-10-15 19:36:37
Ии байкуштар
0
chicagogirl
2012-10-16 02:00:59
Баланар менен бактылуу болгула!!! Ыймандуу бала болуп чонойсун!
+1
Rostov-on-Don
2012-10-19 20:54:36
5 жылдан бери каттатышпай жургонун кара давно пара
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан