Арзыгүл Турган, кытайлык кыргыз ырчысы:«АРЗЫБЕК БЕДИЯРОВ МЕНЕН 7 ЖЫЛ СҮЙЛӨШҮП,АНАН ЖОЛУКТУК»

Кытайлык кыргыз кызы Арзыгүл Тургандын булбул үнүн уккан адамдын жүрөгү бир козголуп алса керек. Кубулжуган керемет үнү менен кытай элине “кыргыз үнү ушундай” деп тааныткан кытайлык кыргыз ырчы кызы менен байланыштык.

– Арзыгүл айым, кечээ сизди тойго кетти дешти. Күз келип, Кытайда да той-топурлар күчөп турган маал окшойт...
– Ии, бизде деле күзүндө той-топурлар көп болот. Кээ бир чакырууларга жетишпей, барбай да калып жатам.

– Тойлорго болгон ставкаңыз канча?
– Туугандардын, достордун, жакшы тааныштардын тойлорунда бекер эле ырдайбыз. Ал эми калган учурларда 2 ырга 400 доллар алабыз.

– Талант кандан берилет деп коюшат. Талантыңыз ата-тектен берилсе керек...
– Ата-энем ыр жандуу адамдар. Эсимде, кичине кезимде алар жоро жарма салып, теңтуштар бири-бириникине барып көңүл ачышчу. Ошол отуруштарга чогулганда “ой, Турган, эми обон салып кой, отурушубузду баштайлы” деп калышар эле. Атам ошол отурган жеринен эле жамактатып төгүп кирчү. Ата-энемдин шыгы жугуп, мен да кичинемден эле ыр жандуу болдум.

– Кыргызстандык ырчылардын кимиси менен жакшы таанышсыз?
– Роза Аманова, Саламат Садыкова менен аябай жакшы тааныштарданбыз. Бир жолу Саламат эже Кытайга концерт менен келип, өзү сахнага кийип чыккан көйнөгүн “мендей ырчы бол” деп белекке берген.

– Кыргызстанда жашап, кыргыз сахнасында ырдоо тууралуу пландарыңыз жокпу?
– Мен кайда болбоюн, кыргыз элим үчүн кызмат кылып жатам да.

– Кытайда мамлекеттик чоң-чоң иш-чараларга чакырыласызбы?
– Кыргыз элинин өкүлү катары чоң концерттерге чакырууларды байма-бай эле алып турам. Албетте, ар бир өлкөнүн өзүнө тиешелүү шарттары болбой койбойт. Кытай жеринде жашап тургандан кийин кытай тилинде так жана жеткире ырдай алышың керек. Андай концерттерде биринчисин кыргызча ырдасам, экинчи ырымды сөзсүз кытайча аткарам. Эң башкысы, бизде фонограмма колдонууга болбойт. Ырчылардын өзүн алып жүрүүсүнө да көзөмөл жогору. Толуп кетпешибиз керек. Мисалы, биз иштеген филармония кайсы бир костюмду тиктирип берсе, ошол кийим чапчак боюнча турушу керек.

– Кыргызстанга канча жолу келдиңиз?
– Тарыхый мекениме 4 жолу каттадым. Дагы барам деген кыялдарым бар, бирок жакынкы аралыкта эмес. Учурда 1 жылга Пекинге кетип жатам, келишим менен.

– Кыргызстандагы кыргыздар менен Кытайдагы кыргыздардын айырмачылыгы барбы?
– Кыргызстанда ар бир мүнөттү барктап жашашат экен. Ал эми бизде бул жашоого кайрадан келчүдөй мамиле кылабыз. Калган салт-санаа, үрп-адаттарыбыз окшош эле.

“Кытай элинин I даражадагы ырчысы” наамын алыптырсыз. Куттуктайбыз!
– Рахмат. Ооба, 2011-жылы ноябрь айында бул наамды тапшырышты. Ал Кыргызстандагы “Эл артисти” деген наамга барабар.

– Дагы кандай сыйлыктарыңыз бар?
– Сыйлыктарым көп. Алардын баарын санап кажети деле жок. Мага эң маанилүүсү – Пекинде өткөрүлгөн чоң фестивалда “Кытай элинин II даражадагы ырчысы” деген наам алганым. Мына ошол наамдан кийин дүйнө кыдырып, Япония, Германия, Австралия, Түркияга концерт менен бара баштагам.

– Силер тараптагы шоу чөйрөдө да бут тосуулар болобу?
– Албетте, бут тосуу, көрө албастык деген адамзаты жашаган жердин баарында бар. Андай терс көрүнүштөр менин башыман деле өткөн. Бирок бизде эгер мыкты болбосоң, сахнага жакын жолой албайсың.

– Эми үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
– Мен 1976-жылы 15-майда Кытайдын Үч-Турпан деген айылында төрөлгөм. Кичинемде эки эненин тарбиясын алгандыктанбы, айтор, эрке өстүм. Бири өзүмдү жарык дүйнөгө алып келген Зулайка апам болсо, экинчиси мени багып чоңойткон атамдын карындашы Кенжекан апам болду. Үй-бүлөдө 6 бир тууганбыз: эки кыз, төрт уул. Мен бешинчисимин. Турмушка чыга элекмин.

– “Кыздын барар жери – күйөө” деп кыргызда айтып келишет. Турмуш куруу тууралуу ойлоно элексизби?
– Мектепти бүткөндөн кийин Үрүмчүдөгү Синьцзян педагогикалык университетинин музыка бөлүмүндө 3 жыл, андан соң Шанхай көркөм өнөр филармониясында 2 жыл окудум. Окуу жайларда музыкадан сабак берип иштедим. Чыгармачылыктын артынан жүрүп эле жеке жашоомду четке сүрүп салдым окшойт. Турмушка чыгуу пландарым бар, бирок жакынкы бир жылдын ичинде эмес.

– Ырчы, обончу Арзыбек Бедияров эл оозуна алынган сүйүү ырларынын көбүн сизге арнаганын айтат. Алгач өзүңүз кат жазып, сүрөтүңүздү салган экенсиз...
– Ал окуя мындай болгон. Кытайлык кыргыздар кайсы бир иш-чарага Ошко барып калышат. Ал жактан Арзыбек Бедияровдун концертине күбө болушуп, ал кишинин чыгармачылыгы тууралуу айтып келишкен. Кийинчерээк бир таанышым Кыргызстанга бармак болуп калганынан мен агайга “иштешип жүрөлү” деген ойлорумду жазып, ага кошумча ырларым жазылган кассетаны берип жибергем. Ким экенимди жүзүмдөн таанысын деп сүрөтүмдү да кошо жөнөткөм. Бул катты көбү мен сүйүүмдү арнап жазгандай түшүнүп алышкан окшойт. Ошол каттан кийин Арзыбек агайдын түшүнө киргеним да чын экен. Агай менен телефон аркылуу 7 жыл сүйлөштүк. 7 жылдан кийин биринчи жолу Жалал-Абад шаарынан жолуктук. Арзыбек Бедияров менен мени чыгармачылык жолуктурган. Азыр ал кишинин үй-бүлөсү менен тууган-уруктай эле катышып турабыз.

– Маегиңизге чоң рахмат.

Эмки сандарыбызда дагы бир таланттуу кытайлык кыргыз ырчысы Алмаш Беки кызы менен маекти тартуулайбыз.

Бахияна Сатылганова
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кытай элинин I даражадагы кыргыз ырчысы Арзыгүл Турган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Maks_89
2012-10-15 12:53:06
Кытай кызына окшошуп кетет экен.
0
laki
2012-10-15 15:30:18
Igilik bolsun Арзыгүл eje!
0
ainura220888
2012-10-15 15:36:57
Токтолбой жур деп толкунга мин деп тушумо кирдин тундо сен!
0
jaina
2012-10-15 17:56:41
Арзыбек Бедияров сүрөтүн салганын башкача түшүнүп, 7 жыл толкунданып жүрүптүр да, ээ?))))
+5
Shumkarbek
2012-10-15 20:57:42
jaina боорду эздиниз го.
+1
abdibaky
2012-10-15 23:13:58
chygarmachylygyna iigilik kaalaim
0
Kagan
2012-10-15 23:16:41
Арзыгүл айымдын аткаруу чеберчилигин баалайм. Кытайдагы Кыргыз ырчыларынын арасында мыктылардын бири... Ишиңизге ийгилик... Жашоодогу жан шеригиңизди табышыңызга тилектешмин... Бул жерде эженин аткаруусундагы ыр жүктөлгөн...
http://www.super.kg/media/?type=video&id=67857
http://www.super.kg/media/?type=video&id=67855
0
bosmos7
2012-10-18 18:43:49
Ишинизге албан ийгиликтер болсун! Сизди ото сыймыктануу кабыл алабыз ! Бар болунуз! Сизди тушунгон чыгармачылынзды сыйлаган омурлук жарга туш болунуз!
Сиздин "Тушумо кирдин тундо Сен" атуу ырынзды катуу баалап угам.Рахмат.
0
aidaxan84
2012-10-18 20:13:46
кытайлык кыргыздарга салам!
0
MaRmeLaDka
2012-10-19 15:16:08
Арзыгүлдүн үнүнө кызыгып, шилтеме менен кирсем, чыкпай жатат.
0
admin_MiranA
2012-10-19 15:50:26
MaRmeLaDka, жогорудагы эки шилтеме тең иштеп жатат. Бул ырын да угуп көрсөңүз болот http://www.super.kg/media/?type=audio&id=73323
0
arkar
2012-10-20 10:15:37
зыгүл еженын мамылекетык даражадакы сыйлыгы менен чын жүрөгүмөн куттуктайым!ылайым-кытайлык кыргыздар атынан кыргыз ырларын бүт дүйнөгө таныта берыңыз деген тылегымды айткым келет.ырчыгачоң-чоң чыгармачылык ыйгылыктерды калайым!
0
omur_alay
2017-03-03 02:50:00
Саламатсыздарбы эмне учун видео корсотпой жатат. ушул эле видеону коро албай жатам.
0
admin_superstan
2017-03-03 10:02:00
omur_alay, саламатсызбы? http://www.super.kg/media/stv/74123 бул шилтеме менен ачып көрүңүз.
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан