ПАСПОРТ АЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?

ID-ПАСПОРТКО КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ТӨЛӨМДӨР
1. Туулгандыгы тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2. Ата-энесинин паспорттору (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
3. Аскердик билет (1-26-беттердин көчүрмөсү) же аскердик каттоого коюу жөнүндө күбөлүк (1-2-беттердин көчүрмөсү) жана түп нускасы.
4. Жашаган жеринен маалым кат.
5. №1-форма карточкасы (бул жергиликтүү паспорттук столдон берилет).
6. Сүрөт 4 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
7. Социалдык коргоо күбөлүгү.
8. Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (паспортту жасоого 1,18 евро (72 сом), арыз бланкына 0,43 евро (26 сом) жана мамлекеттик төлөм 30 сом. Бул төлөмдөр банкка же паспорттук столдун ичиндеги кассага төлөнөт).

ЖОГОТУП АЛГАН УЧУРДА...
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жана төлөмдөрдөн сырткары төмөнкүлөр керек:

  • Жоготуп алгандыгы жөнүндө түшүндүрмө (паспорттук столдун кассасынан берилет).
  • Даректик маалымдама бюросунан маалым кат (КРнын Ички иштер башкармалыгынын облустук бөлүмдөрүнөн алынат).
  • Участкалык милициядан иликтөө тууралуу анкета.
  • Нике тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү, эгер никеси жок болсо, талап кылынбайт).
  • Айып пул (эски паспортко (СССР убагындагы) 100 сом, жаңы паспортко 200 сом).

ЖАЛПЫ ЖАРАНДЫК ПАСПОРТКО КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР ЖАНА ТӨЛӨМДӨР
Жалпы жарандык паспорт алуу үчүн жогоруда саналган жана төмөнкү кошумча документтер талап кылынат:

  • Чет өлкөгө чыгуунун себебин түшүндүргөн анкета-арыз жана эсепке алуу карточкасы (бул жергиликтүү паспорттук столдон берилет).
  • Паспорт алуучунун жашы 18ге жете элек болсо, чет өлкөгө чыгууга ата-энесинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керек.
  • Салыктарды төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк (жалпы жарандык паспортко 6,79 евро (413 сом), арыз бланкына 0,43 евро (26 сом), мамлекеттик төлөмгө 60 сом. Төлөмдөр банкка же паспорттук столдун ичиндеги кассага төлөнөт).

ЖАРАКСЫЗ АБАЛГА КЕЛИП ЖЕ МӨӨНӨТҮ АЯКТАГАНДА...
Жогоруда саналган документтерден жана төлөмдөрдөн тышкары төмөнкүлөр керектелет:

  • Алмаштырууга талап кылынган паспорттун түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү.
  • Айып пул (эски паспортко (СССР убагындагы) 100 сом, жаңы паспортко 200 сом төлөнөт).

АТЫ-ЖӨНҮН ӨЗГӨРТҮҮНҮ КӨЗДӨГӨНДӨРГӨ
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жана төлөмдөрдөн сырткары төмөнкүлөр керек:

  • Алмаштырууга зарыл болгон паспорт (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
  • Аты-жөнүн өзгөрткөндүгү тууралуу күбөлүк (жарандык ал-абалынын актыларын жазуу бөлүмүнөн (ЗАГС) алынат).
  • Нике тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү, эгер никеси жок болсо, талап кылынбайт).

КРНЫН ЖАРАНДЫГЫН АЛУУНУ КӨЗДӨГӨНДӨРГӨ
Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жана төлөмдөрдөн сырткары төмөнкүлөр керек:

1. Алмаштырылуучу паспорт (мурда колдонуп жүргөн башка мамлекеттин паспортунун түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2. Нике тууралуу күбөлүк (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү, эгер никеси жок болсо, талап кылынбайт).
3. КРнын Президентинин жарандыкты кабыл алуу буйругунун көчүрмөсү (жергиликтүү паспорттук столдон алынат).

ПАСПОРТТУК СТОЛДУН ИШ ТАРТИБИ
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 17:00гө чейин.
Кээ бир аймактарда шаршемби күнү саат 12:00гө чейин гана иштейт.
Түшкү тамактануу – саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.

ПАСПОРТТУ ТЕЗ АРАДА АЛУУ
Мөөнөтүнөн эрте алууну көздөгөндөр тез арада даярдалуучу кызматтан пайдалана алышат. Бул кызматтын баалары:

Кыргызстандын башка аймагында катталып, бирок учурда Бишкекте жашап жаткандар да бул кызматтан пайдаланып, тез арада паспорт алууга болот. Бул үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1) Паспорт (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү). Ал эми 16 жашка жаңы чыккандар үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ата-энесинин паспорту (түп нускасы жана ксерокөчүрмөсү).
2) Даректик маалымдама бюросунан маалым кат (КРнын Ички иштер башкармалыгынан алынат. Дареги: Бишкек шаары, Токтогул /Ибраимов көчөлөрүнүн кесилиши).
3) Сүрөт 3 даана (4Х6 көлөмүндө, түстүү, ачык фондо, баш кийимсиз жана көз айнексиз).
4) №1-форма карточкасы (паспорттук столдон берилет).
5) Социалдык коргоо күбөлүгү.
6) Салыктарды жана төлөмдөрдү төлөгөндүгү тууралуу дүмүрчөк.

ТЕЗ АРАДА ПАСПОРТ БЕРҮҮЧҮ ПАСПОРТТУК СТОЛДУН ИШ ТАРТИБИ
Дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 09:00дөн 18:00гө чейин.
Документтерди кабыл алуу иш күндөрү 09:00дөн 17:00гө чейин жүргүзүлөт.
Түшкү тамактануу саат 12:00дөн 13:00гө чейин.
Ишемби жана жекшемби – дем алыш.

Эскертүү! Паспортко төлөнүүчү төлөмдөр КРнын Улуттук банкынын еврого болгон курсу менен эсептелинет (10-октябрга карата 1евро=60.88 сом).
Жогорудагы маалымдамалар КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынан алынды.

Паспорт алуу боюнча талкууну "Мамлекеттик каттоо кызматы" бөлүмүндө улантып, суроолоруңарды дал ошол бөлүмгө калтырсаңар болот.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Паспорт алуу үчүн кандай документтер керек?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
eldos97
2015-05-27 07:16:18
Менин суроо томондогучо. Менин паспортум 6 айдан бери келбей жатат емне кылам
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан