Кыргызстандын экс-президенти, “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун жетекчиси Роза Отунбаева жана ЮНИСЕФтин Оштогу кеңсесинин башчысы Бенжамин Фишер 9-октябрда 3 күндүк сапары менен Баткен облусунда болушту. Алардын максаты – балдар бакчаларын түзүү боюнча ЮНИСЕФ жасап жаткан иштер менен таанышып, тажрыйба
алмашуу болду. Роза Исаковнанын өрүкзардагы алгачкы күнү Кызыл-Белдеги балдар бакчасына баруу менен башталды. Мурунку ажобуз мындан сырткары Чоң-Талаа жана Паскы-Арык балдар бакчасында да конок болуп кайтты. Ал эми 10-октябрда делегация Лейлек районунда болуп, Сүлүктүдөгү “Ынтымак” балдар бакчасы менен таанышты. Ошондой эле шаардыктар менен жолугушуу өткөрдү.
КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн катчысы Кубатбек Айбашов маалымдагандай, иш сапарынын акыркы күнүн Роза айым БатМУнун студенттери менен жолугушууга арнады.