КОШ ЖЫЛДЫЗ ӨЗ ЖЕРИНДЕ КОНЦЕРТ БЕРЕТ

Акыркы мезгилде Баткен облустук музыкалык драма театрынын артисттерине чыгармачылык эргүү келгенби, айтор, катуу иштеп башташты. Күн сайын болбосо да, 3 күндүн биринде бир жаңылык угуп калып жатабыз. Театрда Каламбек Маккамов менен Парихан Момунова деген кош жылдыз бар. Ошол кош жылдыз былтыр Чолпон-Атада өткөн республикалык
“Тогуз кайрык” фестивалында лауреат болуп кайткан. Эми алар облустук өкмөт жана театрдын колдоосу менен өз жеринде жеке концертин беришмекчи. 2-ноябрда өтүүчү кечеде аларды Мамажан Козубаев, Алия Жамантаева, Зуура Умарова, Айгүл Исаева сыяктуу ырчылар куттуктап ырдашат. Ал эми кеченин башкы күнөөкөрлөрү “живой” ырдап гана
чектелбестен, алардын визиттик карточкасы болгон Холик Курсандостун “Ата, кемпир алып берейинби?” спектаклинен үзүндү тартуулоосу маалым болду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
kambardinova
2012-10-16 01:42:59
Бул ысымдарды биринчи жолу угушум
0
gwen
2012-10-18 00:27:50
Igilik!!!
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан