АК-САЙЛЫКТАР КОҢГУРОО КАГЫШУУДА

Жакында Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айыл өкмөтүндө чек ара маселелерине байланышкан тегерек столго катышып келдик. Гезиттен экенибизди айтсак, жергиликтүү эл көп көйгөйлөрүн айтып, кыргыз бийлиги аларды унутуп койгонун билдирди. Эң негизгиси, Кыргызстан үчүн тагдыр чечүүчү төмөнкү жагдайды чоңдорго жет­кирүүнү суранышты: “Тажиктер түрдүү себептер менен кыргыздын аймагына сүңгүп кирип, биздин жерлерибизди ээлеп баштаганы сыр эмес болуп калды. Өкмөт буга эч кандай чара көрбөй жатат. Мисалы, биз алыскы чек арада жашайбыз. Мыйзам боюнча жеңилдетүүлөр болуш керек эле. Светке арзандатуу, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө ЖОЖго тапшырып жатканда жеңилдетүүлөр дегендей. Бирок андай жок. Бардык салыктарды 100 пайыз төлөп келебиз. Баарынан тажаган эл Ак-Сайдан көчүп кете баштады.
Ушинтип улана берсе, жерлерибизди тажиктерге алдырабыз. Азыр жерди чек арачылар эмес, эл кайтарып турат. Ак-Сай болгондо да стратегиялык жактан абдан маанилүү аймак. Аны алдырсак, Баткендин жарымын алдырабыз
”.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Jamalym
2012-10-17 03:39:57
Мына эмесе мен патриотмун деп тош каккандар кайда???Бул жактан озбектер,тиги жактан тажиктер бизди «кемирип»эле келе жатышат.Чек ара маселеси качан чечилет болду экен.
0
usenov.
2012-10-18 17:03:54
чыныгы патриоттор сизодо. ал эми калган патриотторго бул нерсе кызыктырбаса деле керек
0
zhorobekt
2012-10-18 17:44:00
Кыргыз бийлик курсак тойсо БОЛДУ
0
jashku4
2012-10-19 10:29:13
Тажик жараандарын 22-июнь куну барымтага алгандар туура эле кылыптырлар!чыныгы азамат жигиттер экен .биздин сот окулдору жердештерине женилдик бербей соттоп жатышат.
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан