Облустун спорттук турмушуна таандык кубанычтуу кабар Сүлүктү шаарынан келди. Шаардык Дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Үсөн Кушматов кубанычы кучагына батпай жергиликтүү “Барс” спорт клубунун өкүлү Адылжан Мамажан уулу (салмак категориясы 75 килограмм) Жалал-Абадда өткөн эрежесиз эр урушта чемпион болуп келгенин маалымдады. Куттуктайбыз!
Ал эми 30-сентябрда Сүлүктүдө жаштар арасында коңшу Лейлек районунан келген командалар кошулуп, волейбол боюнча биринчилик өткөрүлдү. Кызуу таймашта “Коргон” командасы чемпион аталса, “Арка” командасы 2-орунга жана “Катраң” командасы 3-орунга илинген. Мелдешке демөөрчүлүк кылган “Биримдик” ЖЧКсынын директорунун орун басары Данияр Миталипов 1-орунга 1200 доллар менен бир кой, 2-орунга 600 доллар менен бир кой жана 3-орунга 300 доллар менен бир кой атап зор салым кошту.