Турсунбек Акун, КРнын Акыйкатчысы:«ДЕПУТАТТАР МЕНЕН ТИРЕШҮҮДӨН ЫРАХАТ АЛАМ»

Турсунбек мырза менен маегим аяктаганда аны накта тамашакөй, сөзмөр, карапайым чиновник деп белгилөөгө аргасыз болдум. Анткени баарлашуу баштан-аяк ачык-айкын уланып, сөз арасында "бырс" этип күлдүргөн учурлар көп болду.

АКЫЙКАТЧЫ ТУУРАЛУУ

Туулган жылы – 1959-жыл, 18-июль.
Туулган жери – Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айылы.
Билими – Айыл чарба институту, ветеринар, КУУ, юриспруденция адистиги.Үй-бүлөлүү, 3 уулдун атасы.
Хоббиси – “Манас” айтуу, комуз чертүү.
Эң алгачкы айлыгы – 170 рубль. Эт комбинаттын тери иштетүү бөлүмүндө иштеген.
Окуучу кезинде туулган күнү каникулга туш келип калгандыктан, ыза болуп, эс алуу учурунда төрөлүп калгандарды эртерээк куттуктоо демилгесин көтөрүп чыккан.

“УШУНДАЙ ЖАРАЛЫП КАЛСАМ КАНТЕЙИН?”
– Турсунбек Акун ушундай жаралып калыптыр, ага тынч иштегенге болбойт. Нормалдуу жүргөн да жарашпайт, бир аз “ненормальный” жүрүшүм керек. Анан каадаланып, кабинетиме бирөө келсе улам жакамды оңдоп, угулар-угулмаксан сүйлөп, карасамбы-карабасамбы деп пейил күтмөй мага өмүрү жарашпайт. Кээде келинчегим да айтып калат, “элдер кадыр-барк күтүп, курсак салып, сөөлөттүү. Карып эле калдың го, токтолсоң боло...” деп. Жок, анте албайт экем, андай адамдарга окшошо албасыма көзүм жетти. Эмне кылам эми, кыйналып жасалма каада күтүмүш болуп?

“БИРӨӨГӨ БАШ ИЙИП ИШТЕЙ АЛБАЙМ”
– 5 айдан кийин менин акыйкатчылык мөөнөтүм аяктайт. “Кызмат бер” деп Атамбаев менен Сатыбалдиевдин алдына барбайм. Бирөөгө көз каранды болуп иштөө – менин жумушум эмес. Бул президент же премьер-министрди тоготпогондук эмес, аларды өлкө жетекчилери катары сыйлайм. Бирок мен бирөөгө баш ийип иштегенди каалабайм жана жаратылышым буга жол бербейт. Акыйкатчы азыр эч кимге баш ийбейт, нукура көз карандысыз кызмат, мен ушундай жумушка гана ылайыктуу адаммын. Өзүм каалагандай иштемейинче ыраазы болбойм. Жалгыз бала деп кичинемде ата-энем аябай эрке кармашты. Урушса укпайм, ай-буй деген тыюулар мага тиешелүү эмес болчу. Ошонун жыйынтыгы азыркы Акунду тарбиялап чыгарды.

“АКЫЙКАТЧЫНЫ МАЖБУРЛАП ИШТЕТСЕ, 6 АЙДА ИНФАРКТ БОЛУП ӨЛӨТ”
– Мени журналисттер мактап жазышса маани бербейм, тескерисинче, жамандап жазышса ушундай бир жыргайм да. Мындайча айтканда, “кайфую”. Анан бирөө менен кармашып, тирешип калсам, мисалы, депутаттар менен, аябай ырахат алам. Билбейм эмне үчүн экенин, аябай чоң күч пайда болот ошол учурда. Ден соолук бир аз солгундап турган болсо, кадимкидей жакшыра түшөт. Ушундаймын.
А башкалар бирөө менен кармашып, тирешип калса, жүрөгү оозуна тыгылып калат го. Акыйкатчыны мажбур түрдө парламент шайлап, бирөөнү алып келип отургузуп койсо, ал адам 6 айга жетпей инфаркт же инсульт болуп өлүп калышы мүмкүн. Анткени бүт терс энергиянын баары ушул жерге келет. Өмүр бою түрмөдө отурганы, камашкан, согушкан, чындык таппаган адамдын баары. Айтор, кыйын эле. А мен бул ишти жакшы көрөм, сүйөм. Это кредо моей жизни. Тескерисинче, мен андайда тазаланам (күлүп).

“БАСКАН-ТУРГАНЫМДЫ КӨРГӨН БАЛДАРЫМА ДЕЛЕ ООР”
– Өмүрдө убакытка уттурдум. Саясат деп жүрүп көптөгөн жакшылык, жамандыктарга бара алган жокмун. Элчилеп бир туугандарыма астейдил көңүл буруп, жардам бере албадым. Каргашалуу кырсыктар болду, үч инимден, бир карындашымдан айрылдым. Аларга деле өз убагында түзүгүрөөк жардам берүүгө үлгүрбөдүм. Бийликтин ыгын таап, байып-ташып алганда, балким, жардамым тиймектир деп калам кээде. Адамдай болуп түзүгүрөөк эс алып, курортто дарыланып, досторго кенен убакыт бөлүп, бильярд ойноп, саунага түшүп деле жыргатпадым. Менин айымдан келинчегим оорулуу болуп калды. Баскан-турганымды көргөн балдарыма деле оор.
Ал эми утканым, үй-бүлөм бекем, балдарды тарбиялап-окуттук. Эки уулумду үйлөнтүп-жайланттык, эки неберем бар. Өзүм Кыргызстанга, дүйнөгө белгилүү адам болдум. Мисалы, азыр ар бир кыргыз Турсунбек Акун ким экенин билет. Жакындан тааныбаса деле тааныштай болуп калдым. Алардын мээсинде “укугум бузулса, ушул адамга кайрылам” деген ишеним бар. Ушуга кубанам.

“МЕНИ СЫЙЛАБАСА ДА, БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛУМДУ СЫЙЛАСЫН”
– Тарыхты сыйлаш керек. Мисалы, Атамбаев менен Отунбаеваны адам катары сыйлабаса да, аларды президент болгону үчүн сыйлаш керек. Эл мени Турсунбек Акун катары сыйлабаса койсун, бирок акыйкатчы катары сыйласа дейм. Элди ушуга көндүрүшүбүз абзел. Азыр Текебаевди ар нерсе деп жаманатты кылышууда, бирок алар анын буга чейинки жасаган эмгегин айтууга жарашпайт. Акчаны эмес, тарыхты алдыга чыгарышыбыз зарыл. Мен муну кошомат кылайын деп айткан жерим жок, чындыкты моюнга ала жүрүш шарт.

“МУШТАШПАДЫМ”
– Артыман сөз ээрчип жүргөнү жүргөн. Жакында “бир кызматкери менен мушташып кетиптир” деп чыгышты. Чынында, андай болгон эмес. Бизде Аппарат жетекчиси болуп иштеген жигит бар, ошого бир тапшырма берсем аткарбай койду эле, айттым, “моюнунан байланган иттей болбой жакшы иштегин, жигит, болбосо кызматтан кетесиң” деп. Шаарда өскөн жигит экен, бул сөздөрдүн маанисин түшүнбөй эмоцияга алдырып, кабинетиме жүгүрүп кирди, “сиз эмне минтесиз?” деп. Анан балдар келип акырын гана сыртка чыгарып коюшту. Болгону ошол.

“АТАМ ЭРКЕКЧЕ ТАРБИЯЛАГАН”
– Үйдө кымындай иш кылбайм, ал тургай өзүм билип чайнектен чай куюп ичкен адам эмесмин. Кылайын деген күндө деле колумдан эч нерсе келбесин жакшы билем. Бир жолу бир жерге мык кага коём деп колумду жанчып алып, араң сакайган. Келинчегим кыйын киши, ошол бүтүрөт баарын. Бул нерсе тарбиядан окшойт. Жаңы үйлөнгөндө үйдө келинчегимдин колуна суу куюп берип жатсам, Акун атам союл менен бир чапса болобу, “атаңдын оозун урайын, катынга кызмат кыласың” деп. Ушундай эркекче тарбиялаган.

“ТАШИЕВ ӨКҮНҮП ЖАТАТ”
– 3-октябрдагы митинг, чынында, чектен чыгып кетти. Бул иш үчүн уюштуруучулар өкүнүп жатышкандыр. Кечээ жакында Ташиевге кирип, сүйлөшүп чыктым, өкүнүп жатканын билдирди. "Угрызения совести" болуп жатат" деп орусча айтты. Бул эми “өзүмдү-өзүм күнөөлөп, өзүмдү-өзүм жектеп жатам” деген эле сөз да. Садыр деле күнөөсүн мойнуна алды, “мен 7-кабатта отургам” дейт. “Сен уюштуруучу болгондон кийин ошол жерде турбайсыңбы?..” деп айттым. Ачуунун да чеги болот, аны кармай билиш керек.

“БАЛА КЕЗДЕ МАКСИМ МЕНЕН АЙДАРДЫН КӨЧҮРМӨСҮ ЭЛЕМ”
– Акун – менин атамдын бир тууган агасы. Баласы жок экен, анан мени өз атамдан сурап, 2 айлык кезимде багып алыптыр. 7-класста окуп жүргөндө мени айыл өкмөттөн аныктама алып кел деп жөнөттү. Кагазды алып окусам, Азизбек Мусабеков, Турусбек Мусабеков, этегинде мен да жүрөм, Турсунбек Мусабеков болуп. Үйгө келгенде эч кимге көрсөтпөй метрикадагы Мусабеков деген фамилияны эптеп өчүрүп, ордуна Акунов деп жазып алгам. Мага көрсөтпөй кайра Мусабеков деп жаздырышыптыр. Бир жолу көк беттенип метрикамды отко ыргытып жибергем. Кийин паспорт аларда Акунов деп жаздырткам.
Анан да атам аябай бай киши болчу. Чөнтөктөн акча үзүлбөйт, өзүнчө эле Максим менен Айдар болчумун да (күлүп).

Автандил Добулбеков
Ташболот Досалиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
alik1602
2012-10-15 09:52:00
чындыкты издеп барган адамдарга жардам бересизби же кайфую деп журо бересизби.
+1
prezent
2012-10-15 11:05:30
баары бир сизге да ишенбейбиз!!!Казакстанда кыйналып "кул"болуп жургондор оздору качып келип жатканын гезиттен окуп жатабыз!колдон келбесе,"ака" эс ала берсениз болот!
0
FALLAH
2012-10-15 19:03:46
Конечно кайф алат.Депутаттар менен тирешкенде алар акча менен оозун жаап коёт да. А карапайым элден мне алмак эле. Атам бай киши болчу дейт.Кантип бай болсун союз убагында. Ал убакта элдин баары тен жашачу. Айдар менен Максимге тенеп жатса озун ошол убакта эле ичип жеп конуп калса керек да. Буларды озу айтып жатат мен айткан жокмун.
-1
Kagan
2012-10-15 23:44:31
Менден жогорудагы комментаторлор %) комментарии жазган кишилер :)) Турсунбек Акун мырзынын маегин жакшы түшүнүп окуган сыяктуу... баары терс оюн билдириптир Турсунбек Акун "кайф" алып жатса керек эгер окуган болсо :))) Эмне дейбиз ишиңизге ийгилик!!! Эс ала турган күнүңүз да келээр азырынча Кыргызстанга пайдаңыз тийип турсун...
+1
Bekusha
2012-10-16 02:20:46
Kechiresizder tuulgan jeri tuura jazylganby . menin biliwimche Naryndan bolso kerek ele
0
cosmopolit
2012-10-17 02:42:11
озу Нарындан, союз учурунда ата-энеси Баткенде мугалим болуп иштеп жургондо торолгон...
0
ulutbek
2012-10-20 16:13:56
ушул адамга ишенген,ушундан акыйкатты куткон адамдын озу чыныгы доопороз!
-1
HUMMER
2012-10-21 18:01:09
мен окуп раса кайфую кылдым
0
antivir
2012-10-21 19:54:08
ооо "кайф" тим эле
0
antivir
2012-10-21 19:56:43
ушундай макаладан кобуроок жазсанар кайф алып туралы
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан