РУСТАМ АБДЫРАХМАНОВ, «Максат-баткен» тобунун түзүүчүсү: «МАКСАТ-БАТКЕН» ТОБУ КАЙРА ЖАРАЛАТ»

90-жылдары “Сенсиз, жаным”, “Лейло, Лейло”, “Классташ кызга”, “Жанна” деген ырлары менен кыргыз эстрадасынын асманында “Максат-Баткен” деген топ жылдыз жарк этип жанган эле. Бирок ал жылдыз көпкө турбады. Эмнеге? Учурда топтун жигиттери кайда? Ушул жана башка суроолорго топтун түзүүчүсү жана аксакалы Рустам Абдырахманов жооп берет.

– Рустам мырза, маегибизди “Максат-Баткен” тобунун тарыхынан баштасак...
– Мектеп курактан эле музыка жандуу болчумун. 1988-жылы аскердик кызматымды өтөп келип, “Нура” ансамблине гитарачы болуп кирдим. 2 жылдан кийин ансамблдин өзөгүн түзгөн жетекчибиз Таалайбек Шайлообаев менен мурунку аким, гитарачы Дастан Ходжаев мугалим болуп кетишти. Ансамблдеги балдар убактылуу жумушсуздарга айландык. Бир күнү Эгемберди Абылов деген байке чакырып, “музыкалык топ түзүү үчүн эмне кылуу керек?” деди. Мен “жигиттер бар, 30 миң рублга аппаратура сатып алуу керек” дедим. Ал макул болуп, жардам берди.

– Эмне себептен топ “Максат-Баткен” деп аталган?
– Кеңешип, бийик максаттарга жетели деген тилекте топтун атын “Максат” деп койгонбуз. Кийинчерээк эстрадада жалал-абаддык жигиттерден куралган башка “Максат” деген топ чыгып, эл арасында чаташуу болбосун деп алар “Максат-Бишкек”, биз “Максат-Баткен” болуп калдык.

– Курамы канча кишиден түзүлгөн эле? Топтун ар бир мүчөсүнө токтоло кетсеңиз...
– Топко 5 жигит бириккенбиз: 3 гитарачы, барабанчы жана клавишачы. Мен топту жетектеп, гитарада ойночумун. Алайбек Абубакиров – гитарачы, Сагынбек Молдоев – клавишачы, Жеңиш Алибердиев – гитарачы жана Дастан Худайбергенов – барабанчы.
Ырларды өзүбүз жаратчубуз. Мен, Алай жана Сагын үчөөбүз ыр жазып, сахнада аткаруучу да болор элек.

– Алар азыр кайда?
– Баарыбыз үй-бүлөлүүбүз. Ар башка жакта жүрсөк да, байланышып турабыз. Сагын Бишкекте Борончу Кудайбергенов менен иштеп жүрөт, 5 баланын атасы. Алайбек Баткенде, 6 баласы бар. Жеңиш менен Дастан үй-бүлөнү багам деп Орусияда иштеп жүрүшөт.

– Келиңиз, эми Спорт Ордосунда аншлаг менен концерт берген күндөрдү эске салалы...
– Алгачкы ырлар жыйнагыбыз 1992-жылы “Сүйгөн кызым Айнура” деген аталышта чыккан. Башында Ош менен эле чектелип жүрсөк, 1995-жылдан баштап республикага чыга баштаганбыз.
Алгачкы концертибизди Спорт Ордосунда 3 күн бердик. Элдин суранычы менен 15 күндөн кийин филармонияда 4 күн кайра концерт койгонбуз.

– Ошол мезгилде ырчылык менен гана каражат таап, жашаса болот беле?
– Башында Бишкекке барганда баарыбыз үй-бүлөлөрүбүз менен бир үйдө жашап жүрдүк. Элге таанылып, концерттерди бере баштагандан кийин жакшы эле акча таап, ырчылык менен ар кимибиз өз үй-бүлөбүздү бага баштадык.

– Эмне себептен топ сахнадан өз ордун таап кете албады?
– Чынын айтсам, бизге ошондо Кыргызстанда кызыксыз болуп калган. Казакстан, Орусиянын сахналарына чыгабыз дедик. Бирок чоң акча керек эле.

– "Топтогулар атак-даңкты көтөрө албай, көөп, ичип кеткендиктен таркашкан” дешет, чынбы?
– Эл арасында андай кептер айтылып жүрсө, чындыгы бар го. Жеке мен жетишкен турмушта, бардар үй-бүлөдө туулуп-өскөнмүн. Акчадан башым айланып кеткен эмес. Ичкилик боюнча айтсам, азыр баарыбыз эле ичебиз. "Нет-нет" ичебиз, эргүү келгенде "нет-нет" ыр чыгарабыз.

– Өзүңүз учурда эмне менен алексиз? Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...
–“Максат-Баткен” тобунун иши токтогондон кийин Манас Бердибековго администратор болуп жүрдүм. Акыркы жылдары Баткенде чарба иштери менен алекмин. 1-октябрдан баштап Баткен облустук музыкалык драма театрында башкы администратор кызматын аркалап жатам.
Жубайым Сапаргүл кесиби боюнча бухгалтер. Экөөбүздүн үч балабыз бар. Улуу кызым Салтанат Баткен шаардык мэриясында иштейт. Кийинки уулум Руслан Бишкек гуманитардык университетинде окуйт. Грек-рим күрөшү боюнча 2010-жылы КРнын жаштар Спартакиадасын жеңип алды. Спорт чебердигине талапкер. Кичүү уулум Нурмухаммед мектепте окуйт. Ошондой эле экинчи никемден, актриса Гүлсина Чотонова экөөбүздүн ортобузда 3-класста окуган Манас аттуу уулубуз бар. Гүлсина менен 4 жыл мурда ажырашканбыз.

– Ырларыңыздарды жаңыртып ырдап чыгалы деп сурашса бересиздерби?
– Ооба, беребиз, бирок аранжировкасын өзүбүз көзөмөлдөйбүз. Анткени ырды жаңыртам деп бузуп жибериши мүмкүн. Азыр топту кайра жаратуу тилегим бар. “Максат-Баткен” тобун жашартып, жаңы аткаруучуларды алып, продюсер болуп, кайра сахнага алып чыгайын деген ой менен жашап келем. Буюрса, “Максат-Баткен” кайра жаралат.

– "Оригинал" “Максат-Баткенди” сахнадан качан көрө алабыз?
– Жакында “Биз” тобу 20 жылдыгын белгилеп концерт беребиз деп жүрүшөт. Ошондо чогулушубуз мүмкүн.

– Кызыктуу маегиңизге рахмат.

Базарбек Абдураимов
batkеn@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
nurbek_posol
2012-10-15 11:57:30
Соонун группа! Ырлары азыр деле сонун!
0
ulan030484
2012-10-15 13:25:38
Чыгармачылык ийгилик каалайбыз! Жаны жаны ырларынарды кутобуз!!!
0
ainura220888
2012-10-15 15:20:58
Мен Дастан байке менен аялын тааныйм аябай жакшы кишилер ресторанда чогу повар болуп иштегенбиз. Дастан байке бизге ырдап берет эле дайым.
0
Jyrgal_msk
2012-10-16 00:02:39
Бул топтун баардык ырлары жагат эле.Бирок тез эле жок болуп кетишти.
0
zhorobekt
2012-10-16 02:11:36
Ырларын азыркыга чейин унутулбай келет демек жакшы дегенге арзыйт.
+1
kgnazikg
2012-10-17 18:17:58
ырлары сайтта барбы укканга мумкунчулук болобу

0
admin_MiranA
2012-10-18 11:25:56
kgnazikg, сайтта азырынчаа ул топтун бул ырлары гана бар http://www.super.kg/media/?search_term=максат+баткен&search_author=0&media_search=1&x=12&y=7
Жакынкы аралыкта ырлардын катары толукталат.
0
ainura_perm
2012-10-18 10:48:10
Ырлары сайтта жок уйундон эски касеталарды чукуп издесен там башыдан табасын магнитофону менен..ырларын уксам биздин жаш кезибизди эске салат,аттин ай кандай кана соонун ырлар жаралган ээ илгери, "биз", "таазим", "жаш кыял", "максат", "нур" тобу келди деген дегенде стадион толуп, эл ичине батпай, заборлору сынып кетчу эле...
0
Asiyo
2012-10-21 14:12:36
"Сенсиз жаным, менин омурлук жарым, жашоонун кызыгы жок бул дуйнодо" деген ырлар беле?
0
SRT
2012-10-27 11:39:57
Максат-Бишкек тобу жонундо жазбайсынарбы СИ же жок дегенде ырларын кошсонуздар ото жакшы болот эле
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан