«БАДАЛДАН БҮРКҮТ ЖАСООГО 10 ЖЫЛ КЕТТИ»

Бир таанышымдын архивин карап отуруп, бир сүрөткө көзүм түштү. Кадимки биздин үйлөрдүн жанында өсө турган жашыл бадалдан бүркүт жасаган экен. «Адамдын боюнан кыйла бийик ал бүркүттү кандай чебер адам жасаган?» деп кызыгуум артты. Жаныбек мырзанын үйүн Сузак районунун Кара-Чолок айыл өкмөтүнөн алган дарек боюнча тез эле таап бардым. Жанагы бүркүт эле эмес, короо-жайынын баары бадал менен курчалыптыр. Жылуу жүзү менен тосуп алган Жаныбек мырзанын жубайы Адалатты кепке тарттым.

– Гүл өстүрүүгө сиз да кызыгасызбы?
– Кызыкпайм. Бул гүлдөрдүн баарын жолдошум өстүрөт. Мен неберелерим, казан-аягым менен эле убарамын. Бирок «лимонго суу куйбапсың, карабапсың» деген урушту көп угам. Бир жолу Жаныбекке алманын кагын түйүп салып бердим да, «сатып үйгө азык-түлүк ала кел» деп жөнөттүм базарга. Ал маалда айдоочу болуп иштечү. Кечтин киришин күтүп отурсам, жылмайып эле кирип келди. Дароо сездим, мен дайындаган нерсени алып келбегенин. Көрсө, базарга барып, розанын калемчелерин алып келе бериптир (күлүп). Дагы бир ирет, 2010-жылы болсо керек эле, пенсиясын алып базарга кеткен. 3000 сомго арчанын көчөтүн сатып келиптир. Акчасы жетпей калган экен, айдоочулук күбөлүгүн күрөөгө коюптур. Арча бир жылда 10-12 сантиметр эле өсөт тура. Аны көзүбүздүн карегиндей карап, коруйбуз. Мен кээде «мөмө бере турган нерсени сатып алсаң да мейли эле» деп наалып калам.

– Короо-жайыңызга кызыккандар көп болсо керек?
– Кошуналардын кыздарын күйөөгө биздин үйдөн узатабыз (күлүп). Эч болбосо келип сүрөткө түшүп кетишет. Май айында гүлдөр да гүлдөп, ачылып калат. Ошондо бүтүрүүчүлөр келип ар жылы эстеликке сүрөткө түшүшөт. Кошуналарыбыз да биздей кылып багын айлантып бадал тигишти. Жолдошум үйрөтүп, көрсөтүп жатат.

Кожойке менен кобураша короо-жайын карап чыккан соң Жаныбек мырза отурган төркү үйгө баш бактык. Ал өнөрү тууралуу төмөн­күлөрдү айтты:
– Өзүм жашымдан бир нерселерди кооздоп кырка салмайым бар. Устачылык жайым болгону менен, көп жыл бою айдоочулук менен алектендим. Мындан көп жыл мурун жашыл бадал жаңыдан тааныла баштаганда сатып алып келдим да, короомо отургузуп койдум. Бул бадал дарагы бир учурда гана катуу өсүү маалына туш болот. Анда да 3-4 ай эле өсөт. Жерге тамыры бекигенден кийин 2-3 жыл өтүп анан кыркып баштайбыз. Ар жума сайын кыркып, өсүп келе жаткан маалында аны ийип, кээ бир шактарын байлап тартып коюп ар түрдүү фигураларды чыгарса болот. Бүркүттүн мындай келбетке келүүсүнө 10 жыл убакыт кетти. Бирок азыр да аны толук бүттү деп айта албайм.

– Канча балаңыз бар? Сиздин жолуңузду улайм деп жатышабы?
– 5 балам бар. Турмушка чыккан кыздарыма гүл челекке гүл өстүрүп белек кылам дайыма. Уулдарым болсо кызыгышпайт окшойт, мен ооруп калганда эптей алышпаптыр.

– «Бадал өстүрүп бериңиз» деп жумушка чакыргандар болду беле?
– Ооба, болгон. Жалал-Абад шаарындагы «Токтогул» сейил багына «ушундай кылып кооздоп бадал өстүрүп бериңиз» деп келишкен. Мен ооруп калбадымбы, бара алган жокмун. Шаардын көркү үчүн салым кошсом кубанам да, өстүрүп, өзүм карап бермекмин.

– Бул жасагандарыңызды сү­рөткө тартып кетишеби?
– Бир жолу үйдө отурсам, бирөө чакырат, чыксам эки киши. Алар кайдан угушкан билбейм, Германиядан келген киши котормочусу менен келип калыптыр. Анча-мынча орусча да билет экен. Кирип эле бүркүттү айланып, кармалап калды. «Мен мындайды көп эле көргөм, бирок сен жасаган нерселер өтө татаал экен»,- деп алкышын, мактоосун айтып кеткен.

– Эми эмненин келбетин жасайын деп пландан жатасыз?
– Бир жолу телевизор көрүп отурсам, бир өлкөдө парад болуп жатыптыр. Бийик, кооз мунаранын элесин берген жайда болуп жатыптыр. Мына ошондой мунараны жасасам деп ниеттенип жүрөм. Кайсы учур болбосун ушул өзүм жасаган нерселер мага дем берет, маанайымды көтөрөт, мени айыктырат. Буюрса, үйүмдү айлантып бадал дарагынан чеп курсам дейм.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
ainura220888
2012-10-15 20:02:10
Соонун экен чынында
0
Rostov-on-Don
2012-10-19 20:50:39
Азаматсыз байке мага да гул остургон аябай жагат хоббим.
0
rozaida
2012-10-27 03:02:42
Дуйнодо мындан кооз жасалгалар жоктой сезилет. :) мага абдан жакты.
Жаныбек мырза ишинизге ийгилик жана чон киреше киришин калайм.. Онорунузду татыктуу шакирттерге уйротунуз, жогорку денгелде олкобуздун жашылдвнусуна сиздин комогунуз керек...
0
isanov98
2012-11-14 10:28:02
Болот
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан