Жакында Мугалимдер күнүнө карата Нарын шаарында жакшы саамалык болуп өттү. Нарын облусундагы 139 мектеп арасында “Мыкты мектеп” кароо-сынагы 3-октябрда Муратбек Рыскулов атындагы Академиялык музыкалык драма театрында жыйынтыкталды. Сынактын жарыяланганына 1 жыл болуп, ага облус ичиндеги көпчүлүк мектептер активдүү катышышты. Мектептердин жасалгаланышынан тартып мугалимдердин жөндөмү, окуучулардын билим деңгээлине чейин каралды.
Ошентип, жыйынтыктоочу марага 12 мектеп суурулуп чыкты. Алардын ичинен бешөө 10 миң сом акчалай сыйлык алышты. 3-орунду Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылындагы К.Акиев атындагы орто мектеп жана Кочкор районунун Кара-Күнгөй айылындагы А.Аблесов атындагы орто мектеп ээлеп, 20 миң сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.
2-орунга Нарын районунун Эмгек-Талаа айылындагы Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектеп жана Нарын шаарынын М.Сыдыков атындагы №7-орто мектеп арзып, аларга 25 миң сомдон акчалай сыйлык ыйгарылды.
“Эл – тараза, эл – сынчы” дегендей, ар бир мектептин эмгек иши слайд аркылуу көрсөтүлдү. Ат-Башы районунун Өзгөрүш айылындагы С.Раимбеков атындагы орто мектеп жана Ат-Башы районунун Казыбек айылындагы Н.Үсөналиев атындагы орто мектеп 1-орунду илип кетишип, бул мектептердин директорлору Түркияга эс алууга жолдомо алышты. Ал эми баш байгеге Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылындагы Э.Мейманов атындагы орто мектеп татып, Хонда-Одиссей үлгүсүндөгү 7000 долларлык автоунаага ээ болду.