Нарын шаарында 10-октябрь күнү саат 11де шаар тургундары мамлекеттик администрациянын алдына тынчтык митингин өткөрүүгө чогулушту. Митингдин катышуучулары микрокредиттик уюмдардын ишмердүүлүгүнө убактылуу чектөөлөрдү коюуну талап кылышты. «Алган насыяларын төлөп берүүгө элдин мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, өз өмүрүн кыюуга барышууда»,- дешет митингчилер. Көпчүлүк үй-бүлөлөр аз дегенде 3 микрокредиттик уюмдан акча каражат алышкан. Мындай насыяларды төлөй албай, айрым жарандар суицидге барышса, кай бири үй-бүлөсүн таштап, дайынсыз жоголгон да фактылар катталган. «Насыя алган топтор арасында кайтыш болгон же төлөбөй качып кеткен адамдардын насыяларын да биз төлөп жатабыз» деп арызданышууда алар. Чогулган эл облустун губернатору Канатбек Муратбековго киребиз дешүүдө.