ТАШКЕНТ кызы ГҮЛ

– Гүл, ыр дүйнөсүнө алгач качан кадам таштагансың?
– Кичине кезимден чыгармачылыкка жакын болчумун. 5-классымдан тартып ыр жаза баштагам. 9-классымда биринчи обонумду жараткам. Алгач өзүм үчүн ырларды жазып жүрдүм, кийинчерээк ырчыларга жаза баштадым. Ошентип, чыгармачылыкка болгон кызыгуум күч алды. Учурда менин ырларымды Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков, Сема өңдүү жаш ырчылар аткарып жүрүшөт. Ошондон улам мени көптөр жаш акын катары таанышат. Ал эми сахна менин бала кезимдеги кыялдарымдын бири. Эмнегедир кыргыз эмес, орус эстрадасынан көп таасирленип, өзүмчө кыялымда жылдыз боло берчүмүн. Бирок, анда сахнага чыгып ырдайм деп ойлогон эмес экенмин.

– Сахнага ырдап чыгууңа ким түрткү болгон?
– Буга өзүмдүн каалоом жана чөйрөм түрткү болду десем болот. Анткени, менин турмушум чыгармачыл адамдар менен тыгыз байланышта. Анан дагы өзүм окуган окуу жай ичиндеги конкурстарда, кечелерде ырдап жүрчүмүн. Бирок, эмнегедир чоң сахнага чыкканга өзүмдү даяр сезчү эмесмин.

– Алгач өз ысымың Гүлзат деп чыгып жүрүп, Гүл болуп алганыңа эмне себеп болду?
– Гүл – менин псевдонимим. Гүлзат деген ысым менен чыгып жүргөн ырчылар бар. Ошондон улам атымды кыскартып Гүл болуп алганмын.

– Акындык өнөр сага кимден өткөн?
– Атам дагы, апам дагы чыгармачылыктан алыс. Ал эми чоң атам ыр жазчу экен. Ошондон улам үйдөгүлөр акындык шык чоң атаңдан өткөн окшойт деп айтып калышат.

– Ырларды заказ менен жазасыңбы?
– Заказ болуп калса жазам. Бирок, алгач ырчы менен кеңешип, анын кандай темада ырдагысы келгенин билип алам. Анан ырым заказ кылган ырчынын оюндагыдай болуп жазылышына болгон күчүмдү жумшайм.

– Акындык менен ырчылыкты бирдей алып кете алам деп ойлойсуңбу?
– Алып кетем. Анткени, эки тизгин бир чылбыр дегендей, экөө менен мен көп нерсеге жетээриме ишенем. Башкача айтканда, бири мага абадай керек болсо, бири суудай керек.

– Кайсынысы жүрөгүңө жакыныраак?
– Экөө бирдей эле. Бирок, эмнегедир акыркы учурда ырчылыкка, сахнага көбүрөөк ыктап баратам.

– Жакшы көргөн адамың барбы?
– Бар. Учурда студент. Ал дагы чыгармачыл адам болгондуктан, экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшү­нүшөбүз.

– Учурда жаш ырчылардын ичинен жылдыз оорусу менен ооругандарды байкагансыңбы?
– Байкагам. Андайлар арабызда бар. Бирок, аларды бул үчүн күнөө­лөбөй, түшүнүү менен караш керек.

– Алдыда кандай пландарың бар?
– Алдымда көп деген жакшы ой-тилектер бар. Буюрса, ишке ашса күйөр­мандарым менен чогуу күбө болобуз деген ойдомун.

Маектешкен Жаркынай Нусубалиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 200, 1-7-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан