АСКАТ «ЛЕЙЛИНИ» КИМДЕН КЫЗГАНЧУ ЭЛЕ?

Ак шайы жибек жоолукчан, Лейли,
Алмалуу бактан жолуксак, Лейли.
Алкымыңдан, оо, кангыча жыттап,
Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли... - деген Аскат Мусабековдун аткаруусундагы ыр аз убакыттын ичинде элге таанылды. Так ушул кыргыздын жан дүйнөсүнө жакын ырдын кыскача тарыхын уккубуз келди. Ырдын обонун жараткан Кубат Болотканов мындан башка да Роза Аманованын “Жар болдуң кимге сен?”, Ынак Осмоналиевдин “Аппак кар”, дагы башка бир канча ырлардын обондорунун ээси экенин көпчүлүк билбесе керек.

«ЛЕЙЛИ АТТУУ ЭЖЕКЕБИЗ БАР ЭЛЕ»
“Лейли” качан, кандайча жаралганы тууралуу ырдын обонун жараткан Кубат Болотканов төмөнкүлөрдү баяндады:
– 1993-жылдары азыркы КУУнун юридикалык факультетинде окуп жүргөн кезим. Ошол маалда юридика илимдеринин кандидаты Манапбай Керимбаев деген агайыбыз бар болчу. Ошол киши бир күнү сабактын аягында “ыр жаздым эле, ошону силерге окуп берейинби?” деп калды. Анан ушул “Лейлини” баштан-аяк окуп берди. Ал киши өзү юрист болсо да, жазганы аябай жакшы сезилди.
Биз агай окуп жатканда өзүбүзчө күбүр-шыбыр болуп калдык. Себеби бизде Лейли деген мугалим эже бар эле да. Ошого арнап жазган окшойт деп ойлодук. Ал эже мындай ырдын он чактысын арнаса аз эже болчу да. Агайдын өзүнөн деле кимге жазганын сураган жок элек, кийин көзү өтүп кетти. Бирок азыр деле ошол Лейли эжебизге жазган болуш керек деген күмөн оюмдан кайткан жокмун.
Ошол күнү сабак бүткөндөн кийин агайга “ырыңыздын бир көчүрмөсүн мага бербейсизби?” деп сурап алдым да, кийинчерээк ага обон жаздым. Алгач ырды Сыймык Бейшекеев ырдап жүрдү, бирок элге Аскат Мусабеков жеткирди десем болот.

«СЕКЕТБАЙЛАР ЫРДЫН КАЙМАГЫ»
Ал эми “Лейлиге” кандайча “ашык” болуп калганын Аскат Мусабеков мындайча айтып берди:
– Мен “Лейлини” 9-класс кезимде Сыймык Бейшекеевдин аткаруусунда биринчи жолу уккам. Аябай жагып калды. Кийин шаарга келип окуп баштаганда 1-курста сөзүн таап алып, өзүмчө ырдап жүрдүм. Жатаканада жакшы эле хит болгон. Бирок ал жерде ырчылар көп да, ырдап жатып жарымына келгенде токтотуп койчумун. Себеби бөлөк бирөө ырдап кетпесин деп кызганчумун.
Чоң сахнага 2011-жылы гана алып чыктым. Ырдын сөзүндөгү “алкымыңдан, көмөкөйүңдөн жыттасам” деген сыяктуу саптарды кыргыздын ырларында секетбай деп коёт, ошондой бир өзүнчө жанр бар. Мындан уялбай эле коюш керек. Мисалы, Барпынын “Мөлмөлүм”, Боогачынын “Күйгөнүм”, Корголдун “Койнуңдан чыксын өлүгүм” деген сыяктуу ырлары бар. Тескерисинче, ырдап жатып ушул жерине келгенде эл “айт-уйт!” деп сүрөп кетет эмеспи.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аскат "Лейлини" кимден кызганчу эле?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Maks_89
2012-10-15 12:55:57
Азаматсыз Аскат аке!
0
AskatMoskow
2012-12-28 07:06:17
Maks_89, Рахмат Уко
0
AFRODITA-89
2012-10-17 17:15:54
Таланттуу мырза! Азаматсыз!
0
atir86kg
2012-10-18 17:20:59
ишинерге игилик
0
janarka
2012-10-21 16:55:57
Maga abdan jagat, baktyluu bolunuz!!
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан