“Эгер булардын тосмону ашып түшүп, Ак үйдү басып алабыз дегени кылмыш болсо, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ушундай эле жол менен басып кирип, бийликти алып алганы эмне болот? Ага да укуктук баа бересиңерби?” Депутат Ширин Айтматованын башкы прокурор Аида Саляновага узаткан ушул суроосу 3-октябрдагы митинг, камакка алынган үч депутатка байланыштуу иш боюнча талкуулардын жаңы толкунун жаратты.
7-апрель окуясы менен 3-октябрдагы митингди салыштырып, бир деңгээлге коюуга болобу? Ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.
Бакиевдин бийлиги учурунда электр энергиясына, жылуулукка, уюлдук байланышка карата баалар негизсиз кымбаттатылган. 7-апрель күнү Ак үйдүн алдына 20 миңге чукул карапайым эл авторитардык бийликке баш ийбей тургандыктарын билдирип чыккан. Ал учурда “жүргүлө, Ак үйгө бастырып кирип, президенттин, премьердин, депутаттардын кабинеттерин басып алалы” деп элди ээрчиткен бир дагы депутат, оппозиция лидери жок эле. Роза Отунбаевадан бөлөк оппозиция лидерлеринин баары УКМКнын абагында болчу. Эл бийликти кулаткан соң гана УКМКга барып, лидерлерди бошотуп келген.
Бакиевдик бийликтин учурунда Баяман Эркинбаев, Медет Садыркулов сыяктуу калкка кадыры сиңген адамдар буюртма өлүмгө кабылышкан, кыргыз эли “5 миллион койго” теңелген.
Азырчы? Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров – оппозиция лидерлери, бирок алардын колунда бийлик бар. Мамлекеттик бюджетти, экономика, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттерин көзөмөлдөшөт. Депутаттар каалаган учурунда, каалаган эшиги аркылуу Ак үйгө кирип, парламенттин жыйынында көйгөйлүү маселелерди каалаганча көтөрө алышат.
Апрель окуясында көтөрүлгөн эл Ак үйгө бастырып кирип, атышуулар, каза тапкандар болуп, президент баш болгон өлкө башчылары качып кетүүгө аргасыз болушкан. Өлкөдө бийлик кризиси жаралгандыктан, Убактылуу өкмөт түзүлгөн.
Ал эми 3-октябрда өткөн митингде өлкө бийлик кризисинде эмес эле, шайланып, дайындалып келген бардык өлкө жетекчилиги мыйзамдуу өз жумушун аткарып жатышты. Андыктан бул митингди Апрель эмес, Урмат Барыктабасов 2005-жылдын 17-июнунда уюштурган митингге салыштыруу туура болчудай.
«САЯСИЙ ТУТКУН»БОЛУУ – ПАЙДАЛУУ
Логикасы жок делген иште деле баары бир логика болот. “Эмне максатта Ак үйдүн тосмосун ашып өттү?” деп Ташиевдин жоругун түшүнө албай жаткандар көп. Айрым серепчилердин пикиринде, бул иш-аракет деле алдын ала пландалган болушу мүмкүн. Алсак, саясий серепчи Марс Сариевдин ою боюнча, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго “саясий туткун” статусу пайдалуу.
Эске салсак, Садыр Жапаровго Башкы прокуратура Бакиевдердин мүлктөрүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Дагы бир нече депутатка да "коррупционер" калбыры илиниши мүмкүн. 3-октябрдагы митинг, депутаттардын камакка алынышы алар үчүн абалды бир топ өзгөрттү. Эми бул депутаттарга каршы кандай айып тагылып, кылмыш иши козголбосун, “саясий куугунтук” катары мүнөздөй башташат.
ПРЕЗИДЕНТ СОТТОРДУН ИШИНЕ КИЙЛИГИШПЕЙТ ДЕШТИ
Коомчулуктун басымдуу бөлүгү, айрым эл өкүлдөрү да бул ишке акыркы чекитти президент Алмазбек Атамбаев коёт деген ишеничте. Ошондуктан аны көздөй бирде аксакалдарды, бирде Баатыр энелерди жөнөтүшүүдө. Атүгүл ЖКнын айрым депутаттары да камакка алынган үч депутаттын мындан аркы тагдыры соттордун эмес, ажонун колунда деп санашат. Алсак, Жылдызкан Жолдошева партиялаштарынын жоругун акылсыздык деп баалап, ажону айкөлдүккө салып кечирим берүүгө чакырды.
Мындай кептерге жооп кылып Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты, “Алмазбек Атамбаев соттордун ишине кийлигишпейт” деп. Алмазбек Атамбаевдин 3-октябрдагы митинг боюнча позициясы окуянын эртеси эле жалпы журтка маалым болгон. Ал “баары мыйзам чегинде чечилсин, күнөөлүүбү, жазасын алышсын, айыбы жок болсо, ошого жараша чечим болсун” деген.
Учурда камакка алынгандарды колдоо иретинде депутаттарды бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялагандардын саны жыйырмадан ашуун. Мындай акция Ташиевдин кичи мекени Жалал-Абадда, борбор шаар Бишкекте уланууда. Ош шаарында да жактоочулар нааразычылыгын билдирип чыгышты.
Өлкө башчылары эле эмес, жалпы кыргызстандыктар көңүл бура турган бир маанилүү жагдай бар. Агрессияга, уруш-талаш, Ак үйгө чабуулдарга айланып кетүүчү митингдердин пайдасынан зыяны арбын. Ал өлкөбүздүн инвестициялык климатын бузат, чет жактан келүүчү инвесторлорду чочутат.