Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нариман Түлеевди камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Ага Кытайдан алынып келинген автобустарга байланыштуу коррупциялык иштерден тышкары “мэр болуп турганда Бишкектеги бир бала бакчанын имаратын мыйзамсыз сатуу жана таштанды ташыган унааларды сатып алууда коррупциялык аракеттерге катышкан” деген айып тагылууда. Соттун чечимине ылайык, депутат 15-ноябрга чейин камакта калды. Буга макул болбогон Түлеевдин жактоочулары жакын арада Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын айтышты. Ал эми депутаттын жактоочусу Султан Баратов “бул ишти судья Бекболот Жаналиев карабасын” деген доо арыз менен кайрылып, судья анын өтүнүчүн орундатты. Түлеевдин баш коргоо чарасы биринчи ирет каралганда “камакка алынсын” деген чечимди ушул судья чыгарган эле. Эми экс-мэрдин ишин судья Алмаз Молдобаев карайт.
Эске салсак, Түлеев 25-июнда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 21-августка чейин отурмак болгон. Бирок 15-августта Жогорку Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Түлеевге дагы бир кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту 17-августта аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ошентип, 8-октябрда өткөн сотто мамлекеттик айыптоочу эл өкүлүн камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартып берүүсүн өтүнүп, сот өтүнүчтү орундатты.