СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИНДЕГИ ЖЕМКОРЛОРДУН АТЫ АТАЛА БАШТАДЫ

Буга чейин Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов “Биздин тармакта да жемкорлук бар болсо керек. Анткени “жөлөк пул муктаж эмес үй бүлөлөргө да берилүүдө” деген сөздөрдү угуп жатабыз. Биз тактоо, текшерүү, маалымат топтоо аркылуу “өлүк жандарды”, кедей кейпин жамынган байларды ачыкка чыгарабыз” деген эле. 
Эми минтип Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлеринин мыйзамсыз иштери катталып отурат. Аталган башкармалыктын социалдык кепилдикти чектөө боюнча үч башкы адиси 6 кишинин иштегенин текшербей туруп аларды иштебейт деп көрсөтүү менен балдарына жөлөкпул чегеришкен. Үч кызматкер КЖКнын 315-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылышты.    
Бул бир эле мисал. Кыргызстандын булуң-бурчунда мындай көрүнүштөр көп болушу ыктымал. Андыктан, жөлөкпулга чындап муктаж болгондордун акысын муктаж эместер жеп кетпесин десеңиздер, ведомство сиздердин кайрылууңуздарды күтөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Debi
2012-10-15 21:00:01
"минтебиз" деген эле сөз көп, "минттик" деген сөз гана деп ойлочу элем, мына. Ишиңиздерге ийгилик!
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан