ЖКда банктарга жана кредиттик компанияларга күрөөгө коюлган турак жайлар тууралуу мыйзам долбоору каралууда. “Жалгыз турак жайын күрөөгө коюп насыя алып, бирок өз учурунда төлөй албай калгандардын мүлкү соттун чечими менен гана алынсын” дешүүдө долбоордун демилгечилери. Мыйзам колдоо тапса, насыя берген тарап жарандын күрөөгө коюлган турак жайын соттун кийлигишүүсү жок тартып ала албайт.
Мыйзамдын автору, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров: “Азыр банктар менен кредиттик уюмдар насыя алып жаткан адам карызды төлөй алабы же жокпу деп карабайт. Жакшы турак жайын тартып алгысы келип насыя берип жатышат. 50 миң долларлык үйдү 1 миң долларлык насыя үчүн тарттырып жиберген учурлар да болгон. Иш сотто каралып, сотто насыя алган адамдын да ой-пикирин угуу туура. Бирок буга банктар менен кредиттик уюмдар каршы”,- дейт.
Бул мыйзамды колдогондор да, сын айткандар да арбын болду. “Мындайда банктар же кредиттик уюмдар элге акча бербей коёт. Анткени алар атайын жактоочу жалдап, соттон-сотко жүгүрүп жүргүсү келбейт. Дегеле бул ишке сот аралашып, насыя берген тарап менен алган тараптын ортосундагы келишимди кантип бузат?” деген сыяктуу сөздөр айтылды. Эми мыйзамдын тагдырын депутаттардын добушу чечет.