БШК Кыргызстанда жергиликтүү Кеңешке депутаттарды шайлоого карата 2030 ШАЙЛОО УЧАСТКАСЫ түзүлгөнүн билдирди.
“Пара алды” деген шек менен кармалган Социалдык өнүктүрүү министрлигинин Социалдык камсыздоо департаментинин мурунку жетекчиси ГҮЛНАРА ДЕРБИШЕВА үй камагына чыгарылды.
“Ар-намыс” фракциясынын депутаты ТАЛАНТБЕК УЗАКБАЕВ ЖКдагы комитет төрагалыгынан өз эрки менен кетти. Эл өкүлү муну агасынын министр болуп дайындалганы менен байланыштырды.
“Кумтөр” компаниясы өткөн жылы 462 МИЛЛИОН ДОЛЛАР таза киреше тапкандыгын Экономика министри Темир Сариев маалымдады.
КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы РЫСКЕЛДИ МОМБЕКОВ кызматынан бошотулуп, "Учкун" ААКсынын жетекчиси болуп бекитилди.
ШЕРАЛЫ АБДЫЛДАЕВ КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы болуп дайындалды.
УРМАТ КОЖОМБЕРДИЕВ Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Социалдык тармакта иштеген КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН МАЯНАСЫН КӨТӨРҮҮ маселесин 2013-жылдын бюджетине киргизүү каралып жатканын вице-премьер Камила Талиева билдирди.
ТОГУЗ-ТОРО–ЖАЛАЛ-АБАД унаа жолу 9-октябрдан баштап 2013-жылдын май айына чейин жабылды. Сары-Кыр ашуусуна кардын көп жааганы жана жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн бул жол жыл сайын суук түшкөндө жабылат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.