"Кыргыздардан оригиналдуу идея чыкпайт” десе капа болуп, чычалап кетмейибиз бар. Султан Садыралиевдин жаңы тартылган “Апакем” деген клибин көрсөңүз, бул кепке ынанасыз. Клиптин сюжети Maher Zain аттуу ырчынын аткаруусундагы “Number One For Me” ырынын клибине коёндой окшош. www.super.kg сайтыбызга баш багып, карап көрүңүз.
Бир жолу Султан "интернет менен тааныш эмесмин" деди эле. Көрсө, бул клипмейкердин "чыгармачылыгы" болуп кетиптир. Клипти тарткан жигит өзүн Элдияр Өмүралиев деп тааныштырып: "Плагиат экенин моюнума алам. Түп нускасын көрүп апам баалагандыктан, апама белек кылайын дегем. Бул оюмду айтканда Султан байке деле каршы болгон эмес. Клип ага да жакты",- деди.