Кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал алпаруучу Турусбек Жумалиев кайната болуп, келиндин колунан ысык чай ичип отурган кези. 10-октябрь күнү Турусбек мырза ырчы уулу Дмитрийди үйлөнтүп, борбор калаабыздагы ресторандардын биринде дүңгүрөтө той берди. Турусбек мырзаны куттуктаганы кыргыз сахнасынын ырчы, бийчи, куудулунун бири калбай келишип, коноктор тойго эмес, концертке келгендей эле болушту.
Дмитрийдин келинчегинин аты Аида. КУУнун экономика факультетинин 3-курсунун студенти. Кармашкан колуңар үзүлбөсүн, эки жаш!