10-октябрда шаарыбыздагы кафелердин биринде кара каш, бото көз ырчы Айгерим Расул кызы досторунун жана жакын туугандарынын курчоосунда туулган күнүн белгиледи. Кечени Съездбек Искеналиев "Жалгыз гүлүн" ырдап ачып берсе, "тамашоучу" Азамат Исмаилов тамашалуу бийлерин тартуулап, келген узун бойлуу кыздарга тийишкенге жетишти. Ал эми Дайыр Исмадияров туулган күн ээсине алгач “Кара көзүн” арнады эле, коноктор кайра-кайра суранып жатып репертуарындагы ырларынын көбүн ырдатышты. Ырчы кыз: "Туулган күнүмдөгү мен үчүн эң кымбат белек куран китеби болду. Аны алып жатып денем бир башкача дүрт этип кетти. Калган белектерди үйгө барып ачам",- деди.
Өмүрүнүн 21-күзүн тосуп жаткан Айгеримге биз да чыгармачылык ийгилик каалайбыз.