500 СОМ АДАМ ӨМҮРҮНӨН ДА КЫМБАТ ТУРДУБУ?

Азыркы жаштардын кызуу кандуулугун тастыктаган дагы бир окуя болуп өттү. Жакында Токмок шаарында 15 жаштагы бала менен 18 жаштагы жигиттин ортосунда акчанын айынан келишпестик чыгып, анын жыйынтыгы өлүм менен аяктады. Кылмышка шектүү адам кармалып, көрсөтмө берүүдө. Адам өмүрүнөн да акча кымбат турдубу?

НАМЫСКА ТИЙГЕН СӨЗДӨР…
30-сентябрь күнү саат 11:10дор чамасында Токмок шаарындагы Жанталиев көчөсүндөгү толук курулуп бүтө элек үйдүн 5-кабатында мууздалган адамдын жансыз денеси табылган. Бул факт боюнча Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү кылмыш ишин козгогон. Көп өтпөй каза болгон баланын өздүгү аныкталган. Ал Чүй айылынын жашоочусу, 1997-жылы туулган Алмазбек уулу Бекташ болуп чыкты.
Тергөөнүн версиясы боюнча, окуя төмөнкүчө болгон. Алмазбек уулу Бекташ Саматка (аты-жөнү өзгөртүлдү) 500 сом карыз болгон. Самат карызын доолаганда аны Бекташ досторунун тегерегинде уят сөздөр менен басмырлап, орой сүйлөп койгон. Самат ал айткан сөздөргө намыстанып, 29-сентябрь күнү кечинде бильярд ойноп жаткан Бекташты ээрчитип, курулуп бүтө элек үйдүн 5-кабатына алып чыгып, зым менен муунтуп өлтүргөн. Ичке зым Бекташтын мойнуна 10 сантиметр тереңдикте кирип кеткен. 3-октябрь күнү кылмышка шектүү деп ошол эле айылдын 18 жаштагы тургуну кармалган.

«40 ЖАШЫМДА КӨРГӨН БАЛАМ ЭЛЕ...»
Гүлайым Байсымакова, маркум Бекташтын апасы:
– Балалуу болбой жүрүп, 40 жашымда Бекташты төрөгөм. Баламдан үмүтүм чоң эле, көптөгөн ой-максаттарымды бир зөөкүр жокко чыгарды. Аны жалгыз тарбияласам да, чечкиндүү, бетке айткан, боорукер бала болуп чоңойгон. Мен өзүм колунда бар үй-бүлөлөрдүн катарына кирем. Шаарда 2 үйүм бар. Ал эми баламдын 500 сом карыз экендигине келсек, бул жөнүндө мен билген эмесмин. Эгер акча алган болсо кайтармак, ал үйдө акча кайсы жерде турганын билчү. Эгер ошончолук керек болсо, зер буюмдарымдан да сатмак. Бирок андай кылган жок, тарбиясыз бала болгондо жогоркулардын баарын жасамак. Уулумду үйлөп, келиндин колунан чай ичип, небере жытын жыттасам деген тилектерим бар эле.
Кылмышка шектелип кармалган Саматтын «жалгыз кылдым» деп күнөөсүн мойнуна алгандыгына менин шегим бар. Мен күнөөсүн мойнуна алды деп эле ишти жаап коёбу деп корком. Баламды жуугандар анын эки колунун билеги көгөрүп калганын айтышты, демек, дагы бирөө болгон. Эми бул нерсе тергөөдө такталат.

«Кылмышка шектүү мойнуна алган»
Токмок ШИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкери Бекташ уулу Эрнест:
– Кылмышка шектелип Токмок шаарында жашаган 18 жаштагы К.С. аттуу жаран кармалган. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өлтүргөндүгү тууралуу көрсөтмө берди. Анын спорттук бут кийиминде кандын издери бар экен. Маркумга таандык күрмө да айыпталуучунун үйүнөн табылды. Кылмышка шектүүнүн үстүнөн Токмок ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

 Кыстарылган видео 
500 сом адам өмүрүнөн да кымбат турдубу?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Elnurasam
2012-10-15 11:20:45
Сабыр кылыныз!Жаткан жери жайлуу болсун.
+1
Baha_kdm
2012-10-17 21:43:45
Elnurasam, Алла озун ыйман берчи жаштарга. Озун туура жолго башта!
0
Kidnessmoon
2012-10-15 15:33:48
О Аллахым жаштарга ыйман берчи?, Ата энелер балдарынарды жакшы тарбиялагылачы заманга шылтоо кылбай. Бизи ыйман гана сактап калат.Сабыр кылыныз. Жаткан жери жайлуу болсун!
0
star_kg
2012-10-16 12:28:42
кудайым суранам ыйман бер жашттарга
+1
Baian
2012-10-17 03:45:42
Ii baikuwum ii moturaiyp...kozymdon jawym 4uurup ketti.jaiyn beiiwte bolsun ananyp
0
janarka
2012-10-19 04:00:03
kuday bar
0
temu
2012-10-19 21:49:25
10 см дейби? Мумкун 10 мм. Себеби 10 см болсо такыр эле кесилип калган болуп калбайбы.
0
choposh
2012-10-26 09:57:30
о жараткан кудай жашына да карысына ыйман бер.суранам
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан