Жеӊишбек Айтиев:«АТА-ЭНЕ МЭЭРИМИН ЭЛ-ЖУРТТАН АЛДЫМ»

Көпчүлүк сахна адамдары чакырган убактан бир-эки саат кечигип келсе, бүгүнкү коногубуз Жеңиш Айтиев бир күн кечигип келди. Анда да эшиктен кирбей жатып «мени урушпа, урушпай эле койчу эми» дейт. Жеңебиз жүрөгүнүн суусун алып койгондой...

– Качан байланышсам бош эмессиз. Деги эмне менен алек болуп жүрөсүз?
– Баягы эле турмуштун түйшүгү да, көр тирилик дегендей. Үй курмай, балдардын кышкы кийим-кечектерин даярдамай. Той сезону болуп жатат, катыштарга барып, анан да тамадалыктан кол бошобой жаткан учур.

– Сизди бири Ноокаттын кулуну десе, бири Жалал-Абаддан деп айтышат...
– Мен 1976-жылы Ош облусунун Ноокат районунда төрөлгөм.
9 бир тууганбыз, эркектердин эң кичүүсүмүн, менден кийин бир карындашым бар. Мен бир жашка чыкканда атам менен апамдын ортосунда пикир келишпестик болуп, бир аз убакыт бөлөк жашашкан. Кийин кайра жарашып, мен 4-классымда апам көз жумду, андан эки жыл өтпөй атам дүйнө салды.

– Ата-эне мээримине куса болуп чоңойгон экенсиз да?
– «Ата-эненин кадырын көзү барда билип жүр» деген кеп бар. Алардын көзү тирүү кезде кадырын биле алдымбы же жокпу, билбейм, анда кичинекей бала болчумун. Мен ата-энемдин мээримин бир тууган ага-эжелеримден, туугандарымдан, мугалимдеримден жана эл-журттан алдым. Ошентип жүрүп элимдин эрке баласы болдум. Кудайга шүгүр, учурда үч уулум, бир аялым, бир кызым бар, улуусу 2-класска келип калды.

– «Бир аялым бар» деген сөздү ким гана айтпасын, бул сөзгө бекеринен басым жасабаса керек деп күмөн санай берем...
– Ха-ха... Сенден башка эч ким укпасын эми.

– Чыгармачылыкта аябай шайыр адамсыз, жеке жашоодочу?
– Эл катары элемин. Болгону, сахнадагы өз стилимди шок адам катары тандагам. Жашоодо кадимкидей атамын, кадимкидей кошуна, дос, күйөө жана кадимкидей Жеңиш, кадимкидей эле эркекмин.

– Сизде таарынчаактык жана чыр мүнөз бар, ошол себептен келинчегин жана досторун көп капа кылып алат дешет...
– Турмуштун программасы менен ар кандаймын. Таарынганда таарынам, сүйүнгөндө сүйүнөм. Үй-бүлөдө деле ошол. Менин бат ачуум келгени менен, ошончолук кечиримдүүмүн. Келинчегимде да ушундай мүнөз бар. Менин сүйүнгөнүм, Оштун дал ортосун бөлүп аккан Ак-Бууранын бар экени. Нерв чыңалып чыкканда, кайгырганда, таарынганда Ак-Буураны бойлой басып, жээгинде 2 сааттай отуруп келем. Ичимдегинин баарын айтып берип, сырдашам.

– Сизди актёр, ырчы жана тамада катары да жакшы тааныйбыз. Негизи, кесибиңиз эмне?
– Маданият кызматкеримин. «Жигит болсоң шок бол, шок болбосоң «лох» бол» дегендей. Ар тармак менен алышып, шоктуктун үстүндө 70 өнөрдү четинен казып жатам..

– Шоктугуңуз бала кезден эле бар болсо керек, ээ?
– Оо, балалык деген өзүнчө бир дүйнө да. Ниндзялар биз курактуу балдар арасында популярдуу болуп жаткан кез эле. Кадимки эле ийненин жип өткөргөн жерине кагазды ичке кылып өткөрүп алып, атайын тактага ыргытканда түз барып сайылып калчу. Бир күнү Равшан деген дос балабыз ошентип ойноп жаткан экен, четтен карап туруп, тактага басып бардым да, ал ыргыткан ийненин бирөөсүн жулуп алдым. «Мени карагыла, азыр Ленинди башына атам» деп туруп ийнени коё берсем, барып эле Равшандын так чекесине сайылып калса болобу. Кан агып жатат, ал болсо «Айтиев, Айтиев...» деп жинденип мени кууп жүрөт.

– Акыркы убакта ырчылык, актёрлукту таштап, толугу менен тамадалыкка кирип кеткендейсиз. «Жеңиш Айтиевди издесеңиз, алгач кайда той бар экенин билиңиз» дешет, тойлордун көркүн ачып эле жүрөсүз...
– Элибизде тойлор болсун, жакшылык боло берсин. Эл өзүн-өзү каржылап жатат. Ачык эле айтыш керек, Орусияда иштеп жаткан мекендештерибизге Кудай ден соолук берсин. Мамлекетке көз каранды болбой, алардын жиберген акчасы менен эл жашап, тойлор болуп жатат. Жетекчилердин биринин да оюнда эл жок. Желекти кийинки муундарга татыктуу тапшыралы деген бир чиновникти таппайсың. Мына, буюрса, 20-ноябрда кытайлык туугандарыбыз Эрнис Бөрүбаев экөөбүздү тамадалыкка чакырып жатышат. Орусиядагы кыргыз туугандардын тойлоруна да чакыруулар болуп турат.
Бирок ырчылыкты таштадым дебейм, жакында Ош улуттук драма театрында жеке концертимди бердим. Кудайга шүгүр, кээ бири сүйүнүп, кээ бири күйүнүп «аябай жакшы өттү» деп айтышты.

– Тамадалык борбор ачып, жаш балдарды тарбиялап жатат деп уктум. Анан да «Жеңиш Айтиев 400 доллар менен тойлорго барат да, жумушун шакирттерине таштап коюп кетип калат» деген нааразычылык сөздөр бар экен...
– Ооба, тамадалар борборун ачып, жаштарды тарбиялап жатканым чын. Менин 9 шакиртим бар. Бир шакиртти 3 ай ээрчитем. Алгач айылдардагы тойлорго, анан райондорго барышат да, акырында шаардагы чоң тойлорго катышышат. Эл менен баарлашканды билиш керек, тамактанарда эмне кылыш керек, кандай сынактарды өткөрүш керектигин толук үйрөтүп чыгарам. Бирок аларды тойго ээрчитип барып, той ээсинен акчаны алып, ордума шакиртимди таштап кетип кала албайм. «Эл оозунда элек жок» дейт, менде андай болгон эмес эч качан. Мүмкүн, мени көрө албагандар чыгарса керек бул сөздү. Бабановду деле бийликтен кетирип коюшпадыбы, анан мен эмне болуп калыпмын?! Тойго барып 400 долларды алып, ишти шакирттериме таштап кетип калганга менин да жүрөгүм чыдабаса керек.

– Ишиңизге ийгилик! Максаттарыңыз орундала берсин!
– Рахмат силерге да. Баш ооруп жатканда интервью берген жакшы экен, ха-ха...

Уулбү Каныбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Mirza-Ake
2012-10-15 19:13:01
Ишинизге ийгилик,Женишбек аке.Эркекче суйлогонуз жагат.
0
Asiyo
2012-10-21 14:02:22
Ноокаттын Каленин айылынан болот.Менин жердешим.Ишинизге ийгилик!
0
Shurik
2012-10-22 08:00:40
Мындан 11 жыл мурун менин тойумда тамада болгон эле арык шустрый жигит эле,иштерине ийгилик досум.
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан