Ибрагим Жунусовдун уулу ЭЛАМАН ЖУНУСОВ:«АТА, ЫЙЛАБАҢЫЗЧЫ, МЕН ЫЙЛАБАЙ ЭЛЕ ТУРАМ ГО...»

1990-жылы Ошто улуттар аралык кагылышуу чыгып, элдин ынтымагы, ыркы кетип турган маалда ошол кездеги ырчы, обончу, учурдагы Маданият жана туризм министри Ибрагим Жунусов уулдуу болгон. Элдин амандыгын тилеп, наристесине Эламан деген ысым ыйгарып, ага арнап ыр да жазган. Ошол Эламан эр жетип, 22 жашка чыгып, бүгүн атасы тууралуу маек куруп отурат.

– Кандайсың, Эламан? Маегибизди «Ибрагим Жунусов кандай ата?» деген суроодон баштасак...
– Жакшы, рахмат. Менин атамдай ата дүйнөдө жок. Сыртта кандай болсо, үйдө деле ошондой. Оор басырыктуу, чектен ашып кетсең гана катуураак айтышы мүмкүн, болбосо өз калыбынан жазбайт.

– Атактуунун уулу болуунун пайдасы көппү же зыяныбы?
– Пайдасы жөнүндө айта албайм. Балким, тийип жаткандыр, бирок мага байкалбайт деле. Атамдын атын колдонуп, жеке өзүмө тиешелүү ишимди бүтүрбөйм. Бирок атам менен сыймыктанам. Ал эми зыяны туурасында айтсам, пайдасына караганда көбүрөөк го дейм. Экөөнүн тең жоопкерчилиги чоң.

– «Зыяны тийип калат» дегениң кандай?
– Мисалы, жакында эле гезит беттерине «Ибрагим Жунусовдун баласы Эламан Ысык-Көлгө эс алганы барып, ал жакта мас болуп, бир таксистке тапанча кезеп ок атып, милицияга түшүп калыптыр. Министр атасы үч машина менен барып, ошол замат чыгарып кетиптир» деген маалымат чыкты. Жөнөкөй адамдардын балдарын мындай жалган ушак кептер ээрчибейт да. Көлгө барганым чын, калганынын баары – калп.

– Мындай учурларда атаң эмне дейт?
– Атамдын катуу урушканы – мен үчүн эң чоң жаза. Ошондо мени катуу эле урушкан. Бирок түшүндүрүп, сүйлөшкөндөн кийин кайра «ооба, сага ишенем» деп калды. Атама эң чоң далилим эле өзүнүн Ысык-Көлгө барып мени милициядан чыгарып кетпегени да.

– Кичине кезиңде сени кантип жазалачу эле?
– Мени аябай эркелетип өстүрдү. Эмне гана кылбайын, урушчу эмес. Ар дайым сөз менен гана түшүндүрүп коймою бар. Андайда, албетте, өзүңдү ошондой мамилеге татыктуу алып жүрүүгө аракеттенесиң.

– Атаңдын сен үчүн ыйлаган күнү болду беле?
– Ооба, мен анда 3 жашта болчумун. Ойноп жүрүп астынан түтүктөр өтчү люкка кулап кеткем. Менин кыйкырганымды уккан атам чуркап келип чыгарып алган. Чыккандан кийин карасам, коркконунан жашып алыптыр. Ошондо «ата, эмне ыйлап жатасыз? Мен ыйлабай эле турамын го...» дептирмин. Ал күн менин эсимде, анан да үйдө ушул окуя көп айтылчу.

– Атаң экөөңөрдүн ортоңордо пикир келишпестиктер болобу?
– Жок, андайдан Кудай сактасын. Атам эмне десе, ойлонбостон туруп макул болууга дайым даярмын.

– Сырдашасыңарбы?
– Сыр айтышууга достор бар дегендей, сырдашпайм деле. Бирок күн сайын эмне жумуш кылбайын, кеңешем.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (35)
Riskul
2012-10-16 20:04:07
Molodets ozuno ishengen, suilogon sozun tyryktyy eken. Baktyluu bol.
0
kg_girl1991
2012-10-17 13:53:01
Акчалуунун заманы экенин мына ушундан бил.
+1
Ayzatka
2012-10-17 14:19:25
ЖКда иштейт десе эле шумдук деп ойлошот окшойт биздин жаштар.-)))ЖКда иштегендердин айлык акысы аз болот...,просто аты улук супрасы курук деп коет ко ошондой..,Ибрагим Жунусов агайыбыз азамат экен башка чиновниктерге окшоп чет олкого жибербей баласын Кыргызстанда эле иштетип коюптур...,кыргызда тусу ийгиден тунулбо дейт Эламан сыртынан эле корунуп турат тарбия коргон жакшы жигит экени...
0
amir9100
2012-10-18 00:05:38
Ayzatka, ойлонуп жазсан боло и.жунусовдун акчасы коп болгондон кийин чет олкого жибербейтда баласын. канчалаган жаштарыбыз акча учун кетип жатат ар жака, атасынын акчасын жебей. эламан жонундо оюмду айтсам аны чыныгы эркек деп эсептебейм. не болсо да тынч болсун
0
ainura_perm
2012-10-18 10:00:20
Хе хе хе думаю бул журушундо ата бала далеко не пойдет,бир кун "тах"- дейт и анан все "длинасы 2 х метровый,шринасы метровый жерге бара бетет..жакпайт булар мага семясы менен
0
Jamalym
2012-10-18 11:20:26
Тообо кылдым,адам жагабы жакпайбы оюнар туз болсунчу.Мага деле жакпайт,бирок бул да бироонун баласы.Билинип эле турбайбы кантип ЖКга ишке киргени.
0
Nursaikal
2012-10-18 15:49:40
Атасы экоонун чынында кандай адамдар экенин билбейм. Жамандагым келбейт, мен бироонун жашоосуна киришпеген адаммын. А бирок, мен Ибрагим Жунусовду ырчы, обончу катары сыйлайм, урматтайм, ырларын тажабай угам.
-1
ketsinizm
2012-10-18 17:14:16
бакиевге кошомат кылып журуп министр болду, эми баласын да ЖК га тыккан турбайбы? уяты жоктор....силерди да турмого отургузар кун келет, шашпагыла.....
-2
zikonostra
2012-10-18 19:45:30
Жунусовдордун уйбулосу кыйла сооп топтоп алды окшойт. алардын куноолору силерге жуктолду.
+2
Ayzatka
2012-10-19 10:56:12
ай иий критиканын да чеги болот да.-))коруп билбей эле бироонун жапжакшынакай баласын жамандай берген болбойт да...
0
mila9
2012-10-19 12:58:09
колунардан келсе силер да ЖКга ишке кирип алып анан суйлогуло!Азаматсын Эламан!!!коро албагандар суйлой беришет...
0
Gan
2012-10-19 13:20:15
ооййй кыргыз ушундай калкбыз эээ.озуна келгенди отоп,мурдуна келгенди жытайсынар да.ким кандай болсо силерге эмне ыя ЖК адамынын пайдасы тийбейт силерге мынча алжылдайсынар .жакшы или жаман болсо сага эмне.
0
Burma
2012-10-19 14:59:48
Мен Эламанды жакындан тааныбасамда айтып коёюн анын сыртынан эле корунуп турбайбы жонокой жигит экендиги.
0
shkiper
2012-10-19 21:12:16
belka93.сана эмне бакиев нан бербей койдубу?причём тут ибрагим азамат жигит.
0
asterix
2012-10-20 12:23:09
Ушинтип ар кимдин артыны чукуп сасыткандан коро ар кимибиз озубуздун артыбызды бир карап албайлыбы,анын ордунда болгондо бардыгыбыз эле ошол эле сценарий менен кетмекпиз, атан министр болсо ким эле кутурбасын любой кутурат, мындай нерселер чон державаларда да болот,чиновниктин балдары каерде болбосун ызы чуу менен журот.Эламан дагы жон эле ошолордун бири да.Мунун бизге туздон туз пайдасы да залалы тийбейт.
0
gulmira.mukumbaeva
2013-12-14 22:26:43
Достао Эламан однаклассник или агентке киреби?кирсе айтып койгулачы?


0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан