ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ(15-октябрдан 21-октябрга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Аптанын алгачкы күндөрүндө көптөн күткөн максатыңызды ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аракет кылып ийгиликке жетүүнү колго алыңыз. Шаршембиде жагымдуу жаңылык угасыз. Тоскоолдуктарга карабай алдыга умтулсаңыз, тилегиңиз орундалат.

БУКАЧАР (21.04-20.05) Бир катар орчундуу иштерди тартуулоочу апта. Көңүлдөгүдөй жыйынтыкка жетүү үчүн жакындарыңыздын жардамына таянып, кеңешине кулак түрүңүз. Шейшембиде эмоцияга алдыруу чыккан чырды ырбатып жиберери эсиңизде болсун. Жекшембиде жагымдуу жолугушууга туш болосуз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Дүйшөмбү, шейшембиде башкалардын маселесине аралашпаңыз. Болбосо сиз да зыян тартып калышыңыз мүмкүн. Шаршембиде жеке жашооңузга байланыштуу чечим кабыл алууга туура келет. Шашылыш кадам таштоого ашыкпай, ойлонуп аракет кылыңыз. Жекшембиде досторуңуздун бири жардам сурап кайрылышы ыктымал.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Бул аптада үйүңүздөн конок үзүлбөйт дешет жылдыздар. Дүйшөмбүдө эки анжы ойго кептелип, кайсы жагына кадам шилтөөнү билбей кыйналасыз. Абалдан чыгуу үчүн башкалардан жардам сурагандан тартынбаңыз. Шейшембиде айрым адамдардын эмгеги бааланып, мактоого татыйт. Апта аягы жагымдуу окуя менен аяктамакчы.

АРСТАН (23.07-23.08)
Жеке жашоомдо терс окуялар орун албасын десеңиз, апта ичинде орун алган чырды тезинен токтотууга аракет жасаңыз. Бейшемби – чыгармачылык менен алектенгендер үчүн ийгиликтүү күн. Жума күнү ден соолугуңуздун кескин начарлап кетүү коркунучу бар. Дем алыш күндөрү көңүлдөгүдөй эс алууну кааласаңыз, көпчүлүккө аралашпай, жалгыз болгонуңуз оң.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бул апта ийгиликтер менен коштолуп, бардык иштердин жыйынтыгы жемиштүү болмокчу. Шаршембиде алаканыңыз акчага толуп, кубанасыз. Жума күнү уккан маалыматтын чын-төгүнүн билмейинче чечим кабыл алуудан алыс болуу керек. Ишембиде бойдоктор жагымдуу кездешүүгө туш болушат. Жекшембиде жакшылап эс алыңыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын алгачкы жарымында ден соолугуңузга чоң коркунуч бар. Өзгөчө электр тогунан жана жолдо жүрүүдө этият болуңуз. Алдамчылардын тузагына илинип да калышыңыз мүмкүн, андыктан шектүү сунуштардан баш тартканыңыз оң. Бейшембиде жеке жашооңуздун нугун жаңы багытка бурган окуя орун алат. Дем алыш күнүңүз эч кандай окуясыз, тынч маанайда өтөт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Эгер бул аптада алыскы жолго аттанууну белгилесеңиз, анда аны кийинкиге жылдырууну сунушташат жылдыздар. Себеби жолдо жүрүү кооптуу. Акчаңызды үнөмдүү колдонуңуз, апта соңунда тартыштык жаралышы мүмкүн. Бейшемби күнү тааныштарыңыздын арасынан көрө албастык кылып, бут тоскондор болот. Жекшембиде эс алуучу жайлардын бирине баш багасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бул аптада айрым түгөйлөр ортосунда пикир келишпестиктердин чыгышы күтүлөт. Күнөө кимден кетсе да, түшүнүүгө сиз биринчи кадам жасаңыз. Шейшембиде башка бирөөнүн сөзүнө кирип иш кылуудан оолак болуңуз, өкүнүч менен аякташы мүмкүн. Апта аягында чоң суммадагы каражатка чыгым болосуз. Жекшембиде эски сүйүүңүзгө жолугуп калышыңыз мүмкүн.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Апта ичинде бир топ иш бүтүрүп, жеңилдей түшөсүз. Шейшембиде жолдо жүрүүдө этият болуңуз, денеңизге жаракат келтирип алуу коркунучу бар. Апта ортосунда кыялыңыздагы адамга туш болосуз. Ишембиде үй иштери менен алектенүүгө туура келет.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Убакыттын тартыштыгы жаралбаш үчүн апта башында эле аткара турган иштерди алдын ала пландаңыз. Шейшембиде айрымдар жаңы кызмат ордуна сунуш алышы мүмкүн. Бейшембиде эмоцияга алдырбай, үй-бүлө мүчөлөрү менен таарынышып кетүүнүн алдын алуу зарыл. Апта соңу адаттагыдай эс алуу менен өтөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Апта ичинде кандай сунуш түшсө да, андан баш тартыңыз. Алдамчылардын тузагына илинип калуу коркунучу жогору. Шейшембиде ден соолугуңузга кам көрүп, сак болуңуз. Жума күнү айрымдар документ иштери боюнча чуркашат. Жекшембиде конокко барууңуз күтүлүүдө.

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан