Ырчыларга жан дили менен берилген чыныгы күйөрмандардын бар экени талашсыз. Ильяз үчүн ыйлап, күн сайын сүрөтүн карап келечегине үмүт арткан кыздар көп эле болгон. Ырчынын ырынан идея жаралып, тасма болуп тартылып калган «Азап» 1-октябрдан баштап Кыргызстандын бардык кинотеатрларында көрсөтүлүп жаткан чагы.
ИЛЬЯЗДЫН АЗАПТУУ СҮЙҮҮСҮ ЧАГЫЛДЫРЫЛАТ
Малика – кыялкеч, шайыр мүнөз, бир үйдүн жалгыз кызы. Тасма Маликанын өз башынан өткөн окуясын жазып, радиолордун бирине таштаганынан башталат. Катта анын ырчы Ильяз Абдыразаков менен болгон сүйүүсү баяндалат. Ильяз
www.super.kg сайтына түз байланышка келгенде Малика учурдан пайдаланып ага кызыктуу кат жөнөтөт да, ырчы менен жолугушууга мүмкүнчүлүк алат. Ошол күндөн баштап экөө бири-бирине жакындап, мамилелери сүйүүгө айланат. Бирок бул таттуу учурлар көпкө созулбайт. Сүйүүлөрү азап менен аяктайт. Эки жаш махабаттын кандай кыйынчылыктарына малынарын чындыгында өз көзүң менен көргөн кызыктуураак.
Тасманын идеясынын автору Самаган Акматов төмөндөгүлөрдү баяндап берди:
– Ильяздын «Азап» аттуу ыры менин көңүлүмө жагат. Аны уккан сайын өзүмө жаңы идеяларды алам. Ырдан эргүү алып, 5-6 клип жараттым. Бир ирет
«Супер-Инфонун» сайтына кирип калып, ал жактан да бул ырдын дарегине жалаң жакшы комментарийлердин жазылганын көрдүм. Ыр менен байланыштырып тасма жаратса болчудай деп ойлоп койгом. Ошентип, достор менен тасма жаатында иштеп көрүүнү чечтик. Жыйынтыгы жаман эмес. Көргөн элдин купулуна толуп, көзүнөн жаш айланткан тасмага айланды. Азаптуу сүйүүнү баяндаган биздин бул чыгарма кыргыздарды корей, түрк тасмаларынан алаксытып, кыргыз тасмаларына көңүл бурдуруу максатын да камтыйт.
КАЙРАТ НУРТАС ДА РОЛЬ ЖАРАТКАН
«Азаптын» коммерциялык максаты бар экенин анын жаратуучулары жашырышпайт. Коммерциялык болгон күндө да, чыгармачыл топ карапайым калктын жан дүйнөсүнө жакын, жөнөкөй тасма тартуу үчүн көп эмгек жумшап, толук 5 ай ушул иш менен алек болушкан. Алар «Азаптын» көп тасмалардын арасынан суурулуп чыга аларына ишенишет. Ал эми Кайрат Нуртастын роль жаратышы – бир четинен казак-кыргыз достугунун чагылдырылышы. Кайраттан тышкары Ильяздын «Лейли», «Апакем, ай» аттуу ырларын казакчага которуп ырдап жүргөн казактардын «Каспий» тобу, алпаруучу Бактыбек Мамытов, ырчы Өктөм Сапар уулу, актёр Аскат Эрбаев, актриса Рахат Аксултанова жана башкалар тасмада роль жаратышкан. Кыскасы, «Азапты» көргөн жан арманда калбасына көрүүчү, аткаруучу, жаратуучулар ишендиришет.
«Азап» тасмасы
Жанры – Драма
Идеянын автору – Самаган Акматов
Режиссёру – Нургазы Калдаров
Продюсери – Ааламбек Сарыбаев
Оператор – Канат Алыбаев
Башкы ролдордо – Ильяз Абдыразаков, Гүлназ Нуралиева
КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР