Айыл четиндеги адыр боорундагы мүрзөдө тээ бабалардан тартып бул жашоонун жыргалчылыгын көрбөй, ата-энесин зарлантып о дүйнөгө аттанган наристелер түбөлүк уйкуда жатышат. Мүрзөнүн үстүнө тоо текенин мүйүзү, бирине жаңырган айдын белгиси, дагы бирөөсүнө мрамор эстелик тургузулган. Аларды кайтарган – жартылай куураган жалгыз тал. Адам кучагы жетпеген бул бак ушул жерге кимдин сөөгү коюлган болсо, баарына күбө.
Мүрзө шайыгы менен эки-үч киши бүгүн да бир маркумга жай даярдап жатышты. Кошок коштолгон ый айылдан угулуп турду...
xxx
Асманда калкыган ай булуттарды аралап өз жолу менен баратты. Кээде гана иттер үрүп, көлмөдөгү бакалар чардабаса, айыл жымжырт. Ай жарыгында бир караан уурдана бейит тарапка жөнөдү. Жеткенче шектене токтой калып, айланасына көз чаптырат, кулак төшөйт. Асманды караса, батыш тарапта булуттар түрмөктөлүп калыптыр. Шашылуу керек, айдын жарыгында ишти бүтүрбөсө болбойт...
Көздөгөн жерине жетип, дубалды ашып түшүп, кайра артына көз салды. Айыл жак тынч. Демин басып алайын деп отура кетти. Бир убакта ай булуттардын арасына кирип жоголуп, көзгө сайса көрүнгүс караңгы каптап калды. Тиги адам ордунан тура калып, кайсы жерде экенин издей баштады. Калкып бараткан ай биротоло булутка жашынды. Ошондо чөнтөгүнөн от тутандыргычын алып, анын жарыгы менен издөөсүн уланта берди. Жарк-журк эткен чагылгандан мүрзөлөр даана көрүнөт. Андагы сүрөттөр, тоо текенин мүйүздөрү аны карап турушкандай...
Ала келген күрөгү менен көрлөрдүн бирин каза баштады. Көп убара болбоюн дедиби, мүрзөнүн баш жагын казганга өттү. Бир аз дем алып отурганда тарс-турс этип чагылган чартылдап, шамал менен кошо жамгыр жаай баштады. Ордунан тура калып, кайра казып кирди. Бир убакта күрөгү коюлган мамыга тийди. Жаан да, чагылган да күчөй берди. Мамыны бери тартып чыгарып алды да, колун мүрзөнүн ичине салып, көк чөптү ары-бери сууруп, маркумдун бетин ачты. Жамгыр бүт денесин суу кылып, ичиркенте баштады. Куруна байлап алган бычагы менен маркумдун кепинин ээк жагынан кести да, анын оозун ачып, аттиш менен алтын тиштерин сууруй баштады.
Күн ого бетер күркүрөп, тарс-турс эткен чагылган менен жамгыр нөшөрлөй берди. Ишин бүткөндө көрдү кайра жаап койбой тура калса, алдында ак кепин кийген бирөө турат...
xxx
– Ай, келин... Ой, келин... Бүгүн түнү менен уктай алган жокмун, уулум түшүмө кириптир. Уф, чай куйчу...
– Чай ичиңиз, апа.
– Түшүмдө уулум мага колун сунуп, «апа, апа» деп туруптур. Колумду сунуп, жетпей койдум да такыр...
– Кыжалат боло бербеңиз, апа. Кудайдын буюрганы экен. Сабыр кылалы.
– Ээ, балам, бүгүн бейитине барып коёлучу. Көңүлүм тынч эмес. Молдону да алып алалы,- деди кайненеси. Анан келини менен молдону ээрчитип алып айыл четиндеги мүрзөгө жөнөштү. Бейитти көрүп кайнене менен келин жер тытмалап ыйлап жатышты. Молдо шайыкты чакыртып, мүрзөнү кайра жаап коюшту. Байкуш кайнене менен келиндин кайгысын айтпа. «Ким? Эмне үчүн?» деп кан жута боздоп-сыздашат...
xxx
Айыл ортосундагы чоң көчө боюндагы мажүрүм тал астында айыл бекерчилери шахмат ойноп, дейди сөздөрдөн сүйлөп, өткөн-кеткенге кычык сөз айтып отурушат. Чаңкаганда агынан уруп да коюшат.
– Эй, Чалдыбар! Эй, Чалдыбар! Ал эмне, бизди тоготпой калганбы? Же?..
– Кой, ага жин тийген окшойт. Оозун көрдүңөрбү? Кыйшайып калган, ха-ха-ха...
– Ага кайдан жин тийсин же бизге окшоп ичпесе?
– Ошону айтсаң.
– Бу Чалдыбар кайда баратат өзү?
– Молдого да. Оозун окутканы.
– Аа. Көрсө, молдого каттап жүргөн турбайбы, кечээтен бери.
– Ээ, макул, келгиле, алып жиберели, жакшылык болсунчу,- деп бекерчилер агынан бөлүшүп киришти... А Чалдыбар болсо топурак алдында жаткан жигиттин алтын тишин ала коём деп...
Туратбек Сами уулу
lira@super.kg