9-10-октябрь күндөрүн УЕФАнын президенти Мишель Платини Кыргызстанга келген күн деп тарыхка жаза берсек болот. Анткени «чала жан» футболу бар өлкөбүзгө андай кишилер чанда келерин билебиз. Анда ишке өттүк. Мишель Платини ким? Кыргызстанга келгендеги максаты эмне?
МИШЕЛЬ ПЛАТИНИ КИМ?
Даңазалуу француз футболчусу. 3 ирет (1983, 1984, 1985) «Дүйнөнүн мыкты футболчусу» аталган. Кезинде франциялык «Нанси» (1972-1979-жылдары), «Сент-Этьенн» (1979-1982) жана италиялык «Ювентус» клубдарында ойногон. Футболчулуктан кийин, 1988-1992-жылдары Франция курама командасын машыктырган. 2007-жылы январда УЕФАнын президенти болуп шайланып, 4 жылдан соң кайрадан экинчи мөөнөткө бекитилген. 57 жашта.
КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИНИН 3 СЕБЕБИ
Кыргыз футболунун абалы. Барган сайын футбол боюнча Кыргызстан курама командасы ФИФАнын рейтингинде артка жылып барат. Сентябрга карата чыгарылган рейтингде биздикилер 198-орунга жылып, антирекорддук көрсөткүч жаратышты. Платини 9-октябрда президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, ушул маселе боюнча талкуу өткөрүштү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Платини Кыргызстанда футбол жаатындагы окутуулар менен техникалык камсыздандыруу боюнча маселелерин чечүүгө көмөктөшөрүн айтты.
– Бизде футбол эмнеге өнүкпөйт?
– Бул суроого жооп берүү үчүн ичтен изилдеп чыгуу керек. Кыргызстандагы футболдук клубдарда акча жетиштүү эмес. Футболчулар эл аралык аренада ойной алышпайт. Азыр ага карабастан, жаштарга катуу көңүл бурулчу заман.
«Легенда Кубогу». Платини быйылтан баштап өлкөдө уюшула баштаган «Легенда Кубогунун» кадырлуу коногу болду. 9-октябрда Бишкекте «Алай» (Ош) жана «Алга» (Бишкек) командаларынын беттеши 2:2 эсебинде аяктап, пенальтилер сериясында алайлыктар 5:4 эсебинде жеңишти. Мындан ары жыл сайын дүйнөлүк футболдун легендалары чакырыла турган мелдештин алгачкы коногу Платини болуп калды. Кубок менен медалды да оюнчуларга тапшырган дал ушул киши болду.
– Кыргызстан тууралуу алгач качан уктуңуз эле?
– Кийин эле АФКнын конгрессинде уккам. Менден кол тамга алган кишилердин санын көрүп, Кыргызстан футболду сүйгөн өлкө экенин түшүндүм. Беттеш мага аябай жакты.
Үгүт. Чынында, Европалык футбол союзунун (УЕФА) Кыргызстанга тиешеси дээрлик жок. Анын сапары, эң башкысы, үгүт болду окшойт. Анткени 2014-жылы шайлануучу ФИФАнын президенттигине талапкерлердин ичинде бул инсандын да ысымы бар. Президент ФИФАга кирген Футбол федерацияларынын добушу аркылуу шайланат. Кыстырып кетсек, анын «үгүт иштери» Түркмөнстанда да уюшулат.
– Кыргызстан УЕФАда болбосо да, бул уюмдан жардам болобу? Негизи, СССР ыдырагандан кийин Кыргызстан
УЕФАга кире алат беле?
– Чынын айтсам, Кыргызстанда мындай мүмкүнчүлүк болгон. Азыр жок. Анткени азыр бул маселени АФК (Азия футболдук кеңеши), УЕФА (Европа футболдук союзу) жана ФИФА (Дүйнөлүк футбол федерацияларынын ассоциациясы) карап чыгыш керек.
Максат Кудайбердиев
Ташболот Досалиев
sport@super.kg