Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында илинген көрнөккө биздин назарыбыз түштү. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялаганына арналган. Мындайды дээрлик Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан көрүүгө болот. Бирок Кызыл-Кыяга илинген көрнөктүн айырмасы тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбагандыгында.
Биринчиден, мамлекеттик туудагы түндүк ортосунан бөлүнүп, анын жарымы гана берилгендиги. Бул кош көңүл, кайдигерликтен кабар берет.
Экинчиден, көрнөктүн жалпы фонунун түсү жашыл болгондугу. Ал түскө мамлекеттик туунун да кошо боёлуп кеткендиги таң калтырат. Туунун түсү жашыл эмес, сары менен кызылдан турарын Кызыл-Кыя мэриясы билбейби?
Кызыл-Кыя мэриясынын өкүлдөрүнө байланышка чыгып, кайрылуубузду түшүндүргүчө «силерге өзү эмнеси жакпай жатат?» деп демитишти. Кийин жөнүн уккан соң «буклеттерден эле алганбыз, анын үстүнө ага мэриянын алдындагы социалдык бөлүм уруксат берген» деп кутулду.
Айрымдар жумурткадан кыр издешиптир деши мүмкүн. Бирок «тамчыдан мухит куралат» демекчи, ар бир элемент бир бүтүндү түзөт. Мэриянын имараты болобу же көчөдөгү көрнөк-жарнакпы, бул – шаардын жүзү. Анын жанынан күнүнө ондогон, жүздөгөн адамдар өтөт. Билбегендерге Кыргызстандын туусу жарым түндүктүү, түсү жашыл экен деп таанылат. Андыктан мамлекеттик символикаларга абай мамиле кылсак...