Өткөн күнү: 2012-жыл, 7-октябрь
Шаары: Барселона, «Камп Ноу» стадиону
Голдор: К.Роналду (23), Л.Месси (31), Л.Месси (63), К.Роналду (66)
Классикалык оюн болгону менен, көбүнчө жаңжал, мушташ, жыйынтык эсепке нааразылангандарды көрчү элек, бул жолу оюнда андай жосундар катталган жок. Бул беттеш жакында берилчү «Алтын топтун» тагдырын чечпесе да, эки команданын көзүрлөрүнө олчойто упай апкелди. «Менин оюмча, Дүйнөнүн мыкты футболчусун тандоону токтотуш керек. Анткени Месси менен Роналду – экөө эки башка планетанын кишилери. Бирок мен каалайт элем, Роналду алса...» дейт бул тууралуу «Реалдын» машыктыруучусу Жозе Моуриньё. Ооба, анын да убагы келет дечи. Бирок бул беттеш «кадимки бет кап жамынган байкуштардын эмес, Месси менен Роналдуга окшогон анык жырткычтардын тиреши» деп сүрөттөлүп, көз алдыбызда көпкө сакталмакчы...