ЧИНОВНИК ПАСПОРТТУН АЙЫНАН САБАЛДЫБЫ?

КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Сейдахмат Исмаилов белгисиз адамдар тарабынан катуу сабалды. Оор абалда бейтапканага түшкөн Исмаилов мээсинен жаракат алып, колу, бир катар кабыргалары сынгандыгы белгилүү болду. Айтымында, аны үйүнүн жанынан эки адам сабап кеткен. Аталган кызматтын жетекчилиги «бул окуянын Исмаиловдун ишмердүүлүгү менен байланышы болушу мүмкүн» деп билдирүүдө. Анткени аталган кызматтын жаңы жетекчиси Эрлан Сапарбаев мекемедеги коррупцияга каршы күрөшүү тобун түзүп, ага Сейдахмат Исмаиловду жетекчи кылып дайындаган. Бул топ коррупциялык схемаларды таап, бир катар фамилияларды атоо менен ММКга жарыялай баштаган.
Жабырлануучу да бул окуяны жакында өзүнүн Мамлекеттик паспортту өздүктөштүрүү борборунун штаб жетекчиси болуп дайындалганы менен байланыштырууда. Эске салсак, өкмөт паспорт жасоо иштерин мамлекет колго алуусу керектигин билдирип, «Инфоком» борборун түзгөн.
Жабырлануучу бул иш партиялык ишмердүүлүгүнө да байланыштуу болушу мүмкүн дейт. Ал 2010-жылдагы парламенттик шайлоого «Ата Мекен» партиясынын тизмесинде катышкан. Учурда Бишкек шаардык Кеңешине шайлоодо да партиялык иштер менен алектенет.
Иш боюнча «Бейбашчылык» беренеси менен кылмыш иши козголду.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Aygul
2012-10-20 09:29:01
Саяк журсон, таяк жейсин!
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан