8-октябрда Ялта шаарында 4 күнгө созулган кикбокс боюнча Дүйнө кубогу жыйынтыкталды. Акыркы кезде көзгө толумдуу жеңиштерге жетишип жаткан биздин уруш өнөр ээлери жолдуу болуп, 6 медаль менен кайтышты. К-1 версиясы боюнча Алексей Федосеев (63 килограмм) кур тагынса, ушул версияда Эрик Воинов (60) жана Мирлан Ибрагимов (67) үчүнчү орунду камсыздашты. Ал эми кикбокстун «лоу-кик» версиясы боюнча Алтынбек Акимбаев, Уланбек Касымбеков, Акылбек Үсөнов биринчини алышса, күмүш тагынгандар Айбек Дүйшембиев менен Сталбек Дарканбаев болду. «Фулл-контакт» версиясы боюнча Эсенбай уулу Алтынбек жалгыз алтын алып келди. Азаматсыңар, жигиттер!