СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ ЖООП БЕРЕТ

Урматтуу окурман, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Супер-Инфо» гезитиндеги «Өкмөт жооп берет» рубрикасына кайрылыңыз же www.super.kg сайтына кирип, «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз. Байланыш телефону: (0312) 32-33-27
Бул ирет Социалдык өнүктүрүү министрлигине байланыштуу суроолорго орун бердик.

«БАЛДАРЫМА КАНТИП ЖӨЛӨКПУЛ АЛАМ?»
– Каттообуз Лейлектин Исфана шаарында. Бирок өзүбүз Бишкекте жашайбыз. Убактылуу каттоого турганбыз. Эки баламды Бишкекте төрөгөм. Аларга кантип жөлөкпул алсам болот? Жолдошум иштейт.

Гүлзат Камчыбекова, Бишкек шаары

– Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөнүн тапкан кирешесине жараша чектелет. Тактап айтканда, кирешеси аз камсыз болгон үй-бүлөдө жашаган ар бир жандын башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган учурда берилет. Бүгүнкү күндө ар бир жандын башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 370 сомду түзөт.
Үй-бүлөнүн жалпы кирешесин аныктоодо негизги иши, кызматы, окуусу боюнча (стипендия), экономикалык иш (ишкердик) жүргүзүүдөн алынган кирешелер жана Социалдык фонд аркылуу төлөнүп келген пенсиялар кирет.
Жолдошуңуздун айлык акысы үй-бүлө мүчөлөрүнүн санына бөлгөндө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпай калса, анда балдарыңызга жөлөкпул дайындалат.
Эгер каттооңуз башка райондо болсо, анда жөлөкпулду убактылуу каттооңуз боюнча, тагыраак айтканда, азыркы жашап жаткан жериңизден алсаңыз болот. Ал үчүн райондук жана шаардык Социалдык өнүктүрүү башкармалыктарына туруктуу катталган жериңизден ай сайын берилүүчү жөлөкпулду албай тургандыгыңыз тууралуу маалым кат жана документтерди тапшырууңуз керек.

«КЕЛИНИМЕ СҮЙҮНЧҮ ПУЛ БЕРБЕЙ КОЮШТУ»
– Эки келиним төрөгөн. Бирине сүйүнчү пул беришип, экинчисине бербей коюшту. Себебин сурасак, «буга чейин жөлөкпул алып жүргөн экен» дешти. Тун баласын төрөп жатса, кайдан жөлөкпул алсын? Кандайча мындай болуп калды?

Сооронбек Абдыразаков, Кара-Буура району

– Мыйзамга ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөдө бала төрөлгөндөн кийин бир жолу берилүүчү жөлөкпул (сүйүнчү пул) 6 айдын ичинде райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан берилет. Эгерде көрсөтүлгөн убакыттан кийин кайрылсаңыз, анда аталган жөлөкпул төлөнбөйт.
Аз камсыз болгон үй-бүлөдө бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул үй-бүлөдө жашаган ар бир киши башына кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн ашпаган учурда дайындалат. Азыркы күндө бул кирешенин өлчөмү – 370 сом.
Демек, бир балаңыздын үй-бүлөсүнүн кирешеси жогорудагы көрсөткүчтөн төмөн, экинчисиники жогору. Ушуга байланыштуу келиндериңиздин бирине аталган жөлөкпул чектелген да, экинчисине чектелген эмес. Ал эми "келиниңиз буга чейин жөлөкпул алып жүргөн" деген сөздү кайсы адис, качан айткандыгы тууралуу далилдериңиз болсо, анда министрлик жооп тууралуу тиешелүү иш жүргүзөт.

«СҮЙҮНЧҮ ПУЛ АЛУУ ҮЧҮН КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕК?»
– Ата-энебиздин наамына катталган үйдө турабыз. Өздөрү мал-жаны менен кашатта жашашат. Экөө тең пенсия алышат. Менин үч балам бар. Бирок ушул кезге чейин жөлөкпул, сүйүнчү пул ала албай келем. Сүйүнчү пул алуу үчүн кандай документтер керек?

Элзат Саматова, Тоң району

– Айыл өкмөтүнүн комиссиясы тарабынан сиздин жана ата-энеңиздин чарбалык китеби боюнча, ошондой эле иш жүзүндө чарба жүргүзүп жатканыңар аныкталып, аз камсыздык боюнча балдарыңызга жөлөкпул дайындоого зарылчылык бар деген сунуш берилсе, анда аталган каражатты дайындоого болот. Паспортуңуз, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, жашаган жериңизден маалым кат керек.
Ал эми аз камсыз болгон үй-бүлөдө бала төрөлгөндө бир жолу берилүүчү жөлөкпул бала туулгандан кийин 6 ай ичинде гана райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынан дайындалат.

«БАЛДАРДЫН ЖЕР САЛЫГЫН АТА-ЭНЕСИ ТӨЛӨШҮ КЕРЕКПИ?»
– Жолдошум Мамбет Жумалиев мектепте 38 жыл мугалим болуп иштеген. Дыйкан чарбада 7 гектар жерибиз бар. 10-15 миң сомго жетип калган жердин салыгын төккүлө деп жатат. Жолдошум өзүнүкүн төлөптүр. Эми андан балдарымдыкын кошо талап кылышууда.

Гүлмира Майлиева, Ат-Башы району

– Урматтуу Гүлмира, мүлк жана жер салыктары тууралуу маселелер Социалдык өнүктүрүү министрлигинин кароосуна кирбейт. Андыктан жашап жаткан жериңиз боюнча мамлекеттик администрацияга кайрылууңузду сунуштайбыз.

«ПОЧТОЧУЛАР ЖӨЛӨКПУЛ, ПЕНСИЯНЫ КЕЧ БЕРИШҮҮДӨ»
– Биздин почточу ушул айдын пенсиясы менен жөлөкпулун 16-17-сентябрда таркатты. Илгертен эле ушундай. Дайыма кечиктирет. Же жайлоого чыгып кетет, же шаарга жумуштары менен кеткен болот. Атүгүл гезиттерди да кеч алабыз. Чара көрүүгө болобу?

Айзада Темирбекова, Ат-Башы району

– Каржы министрлиги, Транспорт жана коммуникация министрлиги жана Социалдык өнүктүрүү министрлиги 2011-жылы биргелешип бекиткен графигине ылайык, мамлекеттик жөлөкпулдарды төлөө «Кыргыз почтасы» Мамлекеттик ишканасынын филиалдары тарабынан ар бир айдын 9унан 20сына чейин жүргүзүлүүдө.

Суроолорго Социалдык камсыздоо департаментинин социалдык колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Назгүл Чолумова жана жетектөөчү адиси Жаңыл Темирова жооп берди.

Бул суроолор боюнча талкууну "Социалдык өнүктүрүү министрлиги" бөлүмүндө улантып, эгер сизде да суроолор болсо, дал ушул бөлүмгө калтырсаңыз болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан