КРнын Эмгек сиңирген ишмери, скульптор АРСТАНБЕК ШАРШЕКЕЕВ:«КЫРГЫЗСТАНДЫ УЯТ КЫЛЫП, ЖЕНЕВАДА ӨЗҮМДҮ ӨРТТӨЙМ»

Сейрек кездешчү таланттарыбызды кээде баалабай, тагдырына кол шилтеп салганыбыз жанды кейитет. Мисал катары чыгаан скульптор Арстанбек Шаршекеевди алсак болот. Эмгеги Кыргызстандан ЮНЕСКОго чейин жеткен таланттын арыз-арманы көп. Ал өз эмгектеринин үзүрүн тартпай, 10 жылдан бери акыйкаттык издеп келе жатканын айтат.

Арстанбек Шаршекеев 1969-жылы Бишкектеги Көркөм училищеге тапшырып, андан кийин Москвадагы Строганов атындагы жогорку көркөм окуу жайын аяктаган. Азыркы кезге чейин, агайдын айтымында, өзүнөн бөлөк кыргызстандык бир да скульптор же сүрөтчү ал жакта окуй элек.

– Москвада окуп жүргөндө 6 бөлмөлүү үйүм бар эле. Калып кал десе болбой, жогорку билими жок Тургунбай Садыков Ленин атындагы сыйлыкка татып жатса, мен жогорку билимим менен андан сонун ийгиликке жетишсем керек деп келе бергем. Бирок адашкан экенмин. Келсем, устакана тургай алгылыктуу иш беришкен жок. Кийинчерээк 1984-жылы Кыргызстанда скульптура боюнча биринчи симпозиумга катышып, андан Кыргызстандын Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйлангам. Андан соң 1990-жылы Кыргыз ССРинин Сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Сүймөнкул Чокморов, мен анын орун басары болуп иштеп калдым.

Кепти скульптордун эмгектери тууралуу уланттык. Анткени Арстанбек агайдын айтымында, экс-президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев анын эмгектерин өз билгениндей пайдаланышыптыр.

– 2000-жылы Меккеге барып, Кааба таштын жанында Кудайга жалындым. «Мен ушундай жогорку билимдүү скульптор болсом, мени неге мынча шордуу кылып койдуң? Эмгектерим жок дегенде Европада таанылса...» деп. Меккеден келгенден үч жыл өткөн соң жолум жүрүшүп, ал кездеги президент Аскар Акаев
ЮНЕСКОго жол тартып, бүт скульптор-сүрөтчүлөрдөн 30-40тай эмгекти Ак үйгө чогулттуруптур. Көп узабай, 6-октябрь болчу, менин «Меймандостук» аттуу эмгегимди тандап алып кеткенин уктум. Мен ошондо оорумдун азабынан бейтапканага жатмакмын, “жок дегенде дарыланганга акча берип койсоңор боло” деп акча сурадым. Бирок алар мага ыраазычылык билдирмек тургай кабыл алышпады. Ак үйдүн дарбазасынан ашырып
700 доллар карматып коюшту. Эми билимдүү адам катары мен билем да, бүт нерсе келишим аркылуу иш жүзүнө ашарын. Келишим жөнөтүшөт го деп көпкө күттүм. Акаев келди, кат жазып, жооп ала албадым. Ошол кездеги премьер-министр Николай Танаевге чейин кат жаздым, эч кимиси жооп берген жок. Аларга менин скульптурам бирөөгө калпак бергендей эле болуп калды. Акаев менин эмгегимди контрабандалык жол менен алып кетиптир. Себеби ар бир көркөм сүрөт иши декларация аркылуу алынып, анан бажыдан өтөт.
Көп өтпөй революция болуп, бийликке Курманбек Бакиев келди. Баягы эле маселем чечилип калар деген үмүт менен ага да кайрылып, жооп ала алган жокмун. Президенттин иш башкармалыгын сотко берип, акыйкаттык тапкан жокмун. “Меймандостук” эмгегимди Москвадагы Сүрөтчүлөр союзу 140 миң долларга баалаган эле...

«Багы жокко дагы жок» болуп, көп өтпөй эле Арстанбек мырзанын дагы бир «Мергенчи» аттуу скульптурасы жоголот...

– Бир күнү карасам, сыналгыдан Курманбек Бакиев сүйлөп жатыптыр. Артында менин «Мергенчим» турат. Анан сүйүнүп кеттим. Балким, бул президент акчасын төлөйт го деп. «Мени кабыл алыңыз, сизге автордун белеги катары жазып, анан берейин» деп Бакиевге кайрылдым. Жазган катыма Президенттин иш башкармалыгынын экс-жетекчиси Курманбек Темирбаев «эч нерсе алган жокпуз, эч жерде сиздин эмгегиңиз турган жок» деп жооп кайтарыптыр. Бийликтегилер жаза албай көнүп калышыптыр да, көрсө. Анан мына эмесе деп мен эки президенттин кылгандарын гезиттерге берип салдым. Ал маалыматтар чыгары менен Президенттин иш башкармалыгынан 10дой киши чуркап келишти, «ой, байке эле, байке» деп. Бирок жыйынтыгы жок да!
Бул окуядан соң мени көчөдөн сабап кетишти. Женевага сотко кайрылдым. Булар болсо ал жакка «Ош базарынан» алынган сатуу-сатып алуу тууралуу жалган акт жасатып жөнөтүшүптүр. Скульптуранын куюлушу эле 2000 доллардан ары турат. «Мергенчи» деген бул скульптурамды устаканамдан таппай калгам. Түстүү металл болгондуктан, ошого кызыгып уурдап кетишкен го деп ойлогом. Бирок аны уурулар уурдабай эле, президенттин иш бөлмөсүнөн табылып жатпайбы! Бул эмгегим СССРдин Көркөм союзунда 1-орундагы дипломго татып, БУУнун каталогуна түшкөн. Анан эмне кылмак элем, биринчисин Акаев, экинчисин Бакиев уурдап кетип отурат...
Дагы революция болуп кетти. Өчпөгөн үмүт болуп жаңы бийлик деп Роза Отунбаевага да кат менен кайрылдым, бирок ал жакта баягы Акаевдин учурундагы адамдар отуруптур. Кайра эски жоопту алдым. Эмгегим Парижде ЮНЕСКОдо тургандыктан, автор катары келишим түзөйүн деп ойлогом. Устаканамды күрөөгө коюп акча алып, акыйкат издеп Парижге бардым. Ал жердегилер "мекениңизге кете бериңиз, биз бийликтегилерге айтып коёбуз" деп жөнөтүштү. Бул сапарымдан да жыйынтык чыккан жок.

Скульптор жакында эле бейтапканадан чыгыптыр. Үнү кыргылданып араң чыгат. Абалы оор экен.

– 1997-жылы тамагыма операция жасаткам. Анткени үнүм бүтүп, чыкпай калганынан кайрылсам, профессорлор рак деп коркутушкан. Башка лорго барсак, "онкологиялык шишик жок" деп айтышты. Бирок баары бир коркот экенсиң да, айла жок операцияга макул болдум. Ошондон бери минтип үнүм жакшы чыкпай калды.
10 жылдан бери өз эмгегиме ээ боло албай жүрүп, кант диабетине чалдыктым, эки жолу инсультка кабылдым. Азыр 2-топтогу майыптыгым үчүн 8000 сом пенсия алам. Ал эмнеге жетмек эле?! 2-инсульттан кийин оң жак, сол жакты карай албайм, баары кош көрүнө берет, түптүз бет алдымды тиктеп гана баса алам. Жолдо бассам да бут алдымдан жер көчүп турат, машина келе жатканын байкай албайм.
Бир жыл мурун ЮНЕСКОнун иштери боюнча КРнын Улуттук комиссиясынын төрагасы Султан Раевге баягы ишим боюнча кайрылгам, андан да жыйынтык чыккан жок. Кийин Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Турусбек Коёналиевге кирип чыгайын десем, ал коопсуздук кызматкерлерин чакырып, колуман кайрытып, түшүнүк кат жаздырып кууп чыгышты. Мен Эмгек сиңирген ишмер, скульптор болуп туруп ушундай кор болдум! Турусбек убагында менин 2-3 скульптурамды Апаз Жумагуловго белек кылам деп алып кеткен. Ал эмес, Чыңгыз Айтматовдун уулу Аскар Айтматов да атасынын айкелин алып, акысын төлөбөй кетти.

Акыйкаттыкты издеген скульптор аргасыздыктын чегине жеткен. "Эми өзүмдү өрттөйм" дейт...

– Эми 3 бөлмөлүү үйүмдү сатып, жарымын ажырашып кеткен аялыма берем да, жарым акчаны Женевага барууга сарптап, бүткүл Кыргызстанды уят кылып, өзүмдү-өзүм өрттөйм. Балдарым бар, алар өздөрүнчө турушат.
Акыйкатчыга да бул боюнча кайрылгам. Убакыт өтүп кетиптир. «Бизде эч кандай илинчек жок, жардам бере албайбыз» деп коюшту. Кыргызстанда 100 пайыз акыйкаттык жок экендигине көзүм жетти.

Бул маселе боюнча Акыйкатчы Турсунбек Акунга кайрылдык. Ал өз сөзүндө мурун бул иш козголуп, бирок жыйынтык чыкпай, Арстанбек Шаршекеевге жардам бере албай калганын айтты.

ДҮЙНӨДӨГҮ ЭҢ КЫМБАТ СКУЛЬПТУРА
Белгилүү скульптор, живописчи Альберт Жакомоттинин “Басып бараткан адам” аттуу скульптурасы дүйнөдө эң кымбатка бааланган. Кызыгы, аны аукционго коюшканда телефон аркылуу белгисиз бирөө
104 миллион долларга сатып алган. Колодон жасалган баалуу скульптураны ким алып кеткенин аукциондун уюштуруучулары чоң сыр кылып, ушуга чейин айтпай келишет.

 

 

«Супердин» сурак бурчу
КЫРГЫЗСТАНДА АКЫЙКАТТЫК БАРБЫ?

Зыйнат Сарпашева, эмгек ардагери, Жалал-Абад облусу:
– Акыйкат издеген мына менмин, какпаган эшигим, кирбеген тешигим калган жок. Азыр акчалуунун, капчыктуунун заманы болуп калды. Мен, мисалы, 17 жашыман тарта иштеп жүрүп, 1400 сом менен пенсияга чыктым. Ушул акыйкаттыкпы?

Талант Кудайбергенов, айдоочу, Бишкек шаары:– Үмүттү үзбөш керек, келечекте өлкөбүздө акыйкаттык орношуна чын жүрөктөн ишенем. Азыркы бийлик таза иштөөгө аракет кылууда. Бирок бул аракеттерден эч майнап чыкпай жатпайбы?!

Рима Манапбаева, медайым, Бишкек шаары:
– 5 кол тең эмес. Себеби кайсы бир тармакта акыйкаттык бар, башкасында жок болушу мүмкүн. Ошондуктан бүткүл Кыргызстанда акыйкаттык жок деп айтууга болбойт. Менин оюмча, азыркы учурда өлкөбүздө 100 пайыз болбосо да, кайсы бир деңгээлде акыйкаттык бар.

Нурхат Ибраимов, айдоочу, Талас облусу:– Биздин өлкөдө акыйкаттык деген таптакыр жок. Өкмөт башындагылар элди ойлобой, өз чөнтөктөрүн ойлошот. Карапайым калк өз тиричилиги менен күн кечирип жашап келет. Азыр бардык жерде мыйзам иштебейт.

Таалайкүл Белекова, мугалим, Нарын шаары:
– Кыргызстанда акыйкаттык жок. Тоок уурдаган адам пара бербесе соттолуп кетет, ал эми адам өмүрүн кыйган кылмышкер акча берип кутулуп кете алат. Анан акчалуу адам билими талапка жооп бербесе да, билимдүүдөн жакшы жумуш орду менен камсыз болот.

Акнаара Курманалиева, мугалим, Ош шаары:
– Кыргызстанда акыйкаттык бар десек, чындыкка дал келбей калат, жок десек да туура эмес. Кандайдыр бир деңгээлде калыстык бар, ошону да акыйкатчыларыбыз саясий оюнга айлантып, элдин ишенимин кетирип алып жатышат.

Дүйшөн Сапаров, пенсионер, Баткен шаары:
– Жок! Акыйкаттык араб өлкөлөрүндө, Кытайда болушу мүмкүн, бирок бизде эмес. Бизде аны камсыз кыла турган таза адамдар аз. Эл эч кимге ишенбейт. Үмүтүбүз бир гана Жаратканда. Бизден ырыскысын аябасын.

Гүлжамал Бөрүкулова,
Бахияна Сатылганова
Ташболот Досалиев
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
"Кыргызстанды уят кылып, Женевада өзүмдү өрттөйм" дейт скульптор Арстанбек Шаршекеев
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
ayildik_kiz
2012-10-15 10:39:09
Кыргыз эли кайдыгерлигинин айынан канчалаган талаттарынан айрылып,алар чет мамлекетке кетип,ошол жактын жарандыгын алышууда.Сиздин эмгегинизди баалашпаса сиз да башка мамлекеттин жарандыгын алып кетип калсаныз ошондо гана билишет бирок кыргыз эли уят болуп калат.Ушундай кайталангыс талаттыныз менен сизди тоготпогондой мамиле жасашыптыр,баардыгы оз жазасын бу дуйнодо эмес тиги дуйнодо алышат.Бироонун эмгегин жеген ушунчалык куноо болоорун коздорун май басып байкабай жатышсакерек!
0
raia
2012-10-15 12:02:52
Мен ушунчалык каалап турам сиздин акыйкатка жетишинизди аллах озу жардам берсин.Сизге ден соолук узун омур берсин.Ушундай бетсиз адамдар кыргыз болуп жаралганына уяаласын.Атандын кору кор пенде хансынбы бексинби акыры эки метр жерге ээ болуп бул дуйнодогу кылган ишке жооп берер убакыт да келер...
0
Jamalym
2012-10-15 13:33:13
Эми кеч болсо да Атамбаев «ойгоноор»жок дегенде адамдын омурун ойлоп.
+1
jaina
2012-10-15 17:55:09
Jamalym, азыркы президент Алмазбек Атамбаевге да 5 жолу кат менен кайрылып, бирок андан да жооп ала албаптыр :(
0
Jamalym
2012-10-17 03:26:23
Кээде туруп кыргыздын келечегин ойлогон,кыргызга журогун берген президент келгенин корбой калабызбы деп,кайра ал оюмдан коркуп кетем.
0
mormelad88
2012-10-15 14:04:15
биздин намыстуу акыйкаттуу меймандос олкобуздо акыйкаттын жытын дагы сезбедим ишенбесер турмуш менен крим инфонун архивин окуп чыккыла
0
Gulzat-88
2012-10-17 11:06:37
бул адамдарга кудай оз жазасын берсин!
0
Ханбийке
2012-10-18 00:44:39
ден соолугунузду берсин кудайым! Баардыгын доказательстволору менен айтып бериптир го! Акыйкатка жетиниз!
0
Мэри
2012-10-18 18:56:34
Кыргыз акыркы мезгилде ансыз да уят болуп жатканы деле жетиштүү го дейм. Анан сиз да өзүңүздү өрттөсөңүз... Андыктан ачууга алдырбаңыз, анча катуу кетпесеңиз, сабыр кылыңыз дейт элем...
0
Begim8678
2012-10-19 15:49:47
Менин да сизге боорум ооруп турат. Акыйкат учун балдарынызды чуркатыныз. Баштаган ишиниздин аягына чыгарынызга ишенем. Баары сиз каалагандай жакшы болсун.
0
№ 519, 12-18-Октябрь, 2012-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан