Ош шаарынын башчысы Мелис Мырзакматов быйылкы жылы эл ичинде эстелик комплекстери менен оозго алынды. Бирок облустук администрациянын тушундагы «темир Ленин» жакын арада ордунан жылчудай түрү жок. Башкы аянт эмеспи, иш-чаралар көп өтөт. Анын жалпы көрүнүшүндө эсил кайран Союздун брендине айланган Лениндин эстелиги кадимкидей даана көрүнүп турат.
Шаар тургундары «Мелис азыркыдай жакшы кызматын уланта берсе, бир күнү Лениндин ордуна Мырзакматовдун эстелигин тургузабыз» деп тамашалашат, астейдил айткандары да бар. Мелис Мырзакматов деле башкы аянттын төрүн атайын ошого сактап жүргөн болбосун ким билет?...